Валюта | Сатып алуу | Сатуу |
---|---|---|
![]() |
69.7500 | 69.9000 |
![]() |
78.3500 | 79.3000 |
![]() |
1.0480 | 1.0630 |
![]() |
0.1825 | 0.1915 |
Валюта | Сатып алуу | Сатуу |
---|---|---|
![]() ![]() |
69.7000 | 69.9000 |
![]() ![]() |
1.0403 | 1.0688 |
![]() ![]() |
0.1829 | 0.1915 |
![]() ![]() |
78.3400 | 79.4800 |
Валюта | Сатып алуу | Сатуу |
---|---|---|
![]() ![]() |
69.6000 | 69.9500 |
![]() ![]() |
1.0200 | 1.0800 |
![]() ![]() |
0.1780 | 0.1920 |
![]() ![]() |
78.1500 | 79.6500 |
Валюта | 19 Февралда | 20 Февралда |
---|---|---|
USD | 69.7600 | 69.7550 |
EUR | 78.8846 | 78.9836 |
RUB | 1.0530 | 1.0537 |
KZT | 0.1856 | 0.1858 |
Граммдар | сатып алуу | сатуу |
---|---|---|
1.00 | 4 450.11 | - |
2.00 | 7 802.02 | - |
5.00 | 18 142.41 | - |
10.00 | 35 442.35 | - |
31.1035 | 107 468.62 | - |
100.00 | 299 762.01 | - |
Аталышы | Салымдын минималдуу суммасы | Кошумча төгүм мүмкүнчүлүгү | Жарым-жартылай алуу | Максималдуу пайыздык коюм |
---|---|---|---|---|
![]() |
100 000 USD | 1 000 USD | жок |
5% чейин |
![]() |
200 USD | жок | жок | 4% чейин |
![]() |
40 USD | 15 USD | бар | 3,5% чейин |
![]() |
7 000 000 KGS | 70 000 KGS | жок |
14,5% чейин |
![]() |
10 000 KGS | жок | жок | 13% чейин |
![]() |
3 000 KGS | 1 000 KGS | бар | 12% чейин |
Эскертүү: Банктын тарифтик саясатына ылайык айрым бир кардарларга кардардын жазылуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде Банк жеке тарифтерди бекитиши мүмкүн.
Депозитти «Кыргызкоммерцбанк» ААКнын каалаган бөлүмүндө ачса болот, жаныңарда паспорт (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн паспорт же сиз чет өлкөлүк жаран болсоңуз чет өлкөгө чыгуу паспорту) болуш керек, ордунда талап кылууга чейинки эсепти ачуу жана аманатты тариздөө боюнча документтерди толтуруп, кол коёсуңар.
Сиз банк тарабынан сунушталган каалаган ыңгайлуу мөөнөткө ачсаңар болот: 6 ай, 1 жыл, 2, 3 жыл, депозиттин түрүнө жараша.
Кардардын каалоосу боюнча айлык пайыздарды төлөө же болбосо пайыздарды депозиттин бардык суммасын кайтарып берүү менен бир убакта төлөө аныкталышы мүмкүн. Пайыздар кийинки келишимди түзүү датасынан кийинки иш күнүнө кошулуп эсептелине баштайт. Кошулуп эсептелинген пайыздар сиздин алыш-бериш эсебиңизге же биздин Банктын дебеттик картасына чегерилет.
Сизге киргизүү мөөнөтүнүн аякташынан кийин депозитти кайра тариздөө үчүн Банкка келүүнүн кажети жок – депозитти мөөнөтүнүн аягында албоо учурунда, ошондой эле мөөнөткө Келишимдин колдонулуу мөөнөтүн узартуу күнүнө депозиттин ушул турүнө Банкта күчүндө болгон коюм боюнча Аманатка пайыздарды кошуп эсептөө менен автоматтык түрдө узартуу жүрөт.
Эгер сиз депозитти мөөнөтүнөн мурун алып кетсеңер, пайыздарды төлөө төмөнкү шарттар боюнча жүрөт:
1) Келишимдин мөөнөтү аяктаган учурда пайыздарды төлөө жеке же юридикалык жактарга “аманатты мөөнөтүнөн мурун бузуу учурунда” Банктын коюмдарына ылайык Келишимдин иш жүзүндө колдонулуу мезгили үчүн жүргүзүлөт.
2) Келишимдин жарымынан аз мөөнөтү аяктаганда Аманат боюнча коюмдар төлөнбөйт.
Мөөнөт ичинде эсепти толтуруу «Универсалдуу аманат» депозити боюнча гана бекитилген минималдуу суммага ылайык кайсы болбосун мезгилдүүлүк (накталай жана накталай эмес акча каражаттары) менен, депозиттин валютасында (же депозиттин валютасына конвертациялоо шарты менен) мүмкүн; муну менен бирге кошумча төгүмдөрдү кабыл алуу Келишимдин колдонулуу мөөнөтүнүн аякташынан 30 күн мурун токтотулат.
Депозит боюнча пайыздарды башка банктын картасына алуу жалгыз гана «Кыргызкоммерцбанк» ААКнын кайсы болбосун бөлүмүндө төлөм тапшырмасын тариздөө учурунда мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык азыркы учурда жеке жактардын аманаттары боюнча кирешеге салык салынбайт. Юридикалык тараптарга КРнын Салык кодексине ылайык 10% пайдага салык салынат.
Келишим түзүүдө кардар пайыздарды төлөө жыштыгын ай сайын же болбосо Аманаттын бардык суммасын кайтаруу менен бирге болгондой тандайт. Буга ылайык ай сайын төлөөнү тандоодо, кардар алыш бериш эсебине кошулуп эсептелген пайыздарды “Онлайнбанк” системасына кошулуу аркылуу алыш бериш эсептерин кароо режиминде көрө алат. Бул кызмат акылуу – 400 сом ай сайын. Же болбосо төмөнкү телефон аркылуу операциондук кызматкердин жардамы менен +996 312 333 000 ( кош. 17047же 17048), муну менен бирге эсепти ачууда операциялык бөлүмдүн кызматкерин банк системасында кардар менен макулдашылган идентификациялоочу жашыруун сөздү аныктоо үчүн маалымдоо керек.
«Кыргызкоммерцбанк» ААК «Капиталъ» депозитине кыска мөөнөткө жайгаштыруу менен эле мүмкүн болушунча максималдуу киреше алууга кепилдик берет.
«Капиталъ» депозитинин шарттары
Аманаттын максималдуу суммасы: 10 000 KGS / 200 USD.
Бир жолку кошумча төгүмдүн минималдуу суммасы: каралган эмес.
Сый акы төлөп берүүнүн жыштыгы: ай сайын же мөөнөтү бүткөндө (кардардын каалоосуна жараша)
Бөлүп алуу: каралган эмес.
Өзгөчө шарттары: пайыздык чени жогору.
Депозит ачуу үчүн зарыл документтер: паспорт, жашап турууга уруксат
Банк аманаты келишими мөөнөтүнөн мурда бузулганда сый акы төлөп берүү шарттары:
Эгерде мөөнөтүнүн жарымынан ашыгы өтүп кетсе, сый акы аманат келишиминин иш жүзүндө колдонулган мөөнөтү үчүн мөөнөтүнөн мурда келишимди бузуу коюмуна ылайык төлөнүп берилет.
Эгерде мөөнөтүнүн жарымына жетпеген убакыт өтсө, сый акы чегерилбейт.
Кошумча шарттар: банк аманатынын келишимин автоматтык түрдө узартуу узартылган күнгө Банктын тарифтери менен белгиленген сый акы чени боюнча ошол эле мөөнөткө жүргүзүлөт. Автоматтык түрдө узартылганда капиталдаштыруу каралган (аманат боюнча чегерилген пайыздары аманаттын негизги суммасына кошуп эсептелет).
«Капиталъ»депозити боюнча сый акынын чени*
6 ай | 12 ай | 24 ай | 36 ай |
---|---|---|---|
5,0% | 9,5% | 11,0% | 11,5% |
1,5% | 2,5% | 3,0% | 3,5% |
«Капиталъ»депозити боюнча аманат келишимин мөөнөтүнөн мурда бузган учурдагы сый акынын чени*
6 ай | 12 ай | 24 ай | 36 ай |
---|---|---|---|
2,5% | 4,75% | 5,5% | 5,75% |
0,75% | 1,25% | 1,5% | 1,75% |
*Тарифтер 29.12.2017-жылдан 31.12.2018-ж. чейин колдонулат.
Биз Сиздерди «Кыргызкоммерцбанк» ААКнын филиалдарынан күтөбүз, ошондой эле сиздердин бардык суроолоруңуздарга төмөнкү телефондор боюнча жооп берүүгө даярбыз:
Call-борбор: : +996 (312) 333 000