Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.7500 69.9000
 EUR 78.6500 79.6500
 RUB 1.0500 1.0670
 KZT 0.1850 0.1950
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.7500 69.9000
 RUB /  KGS 1.0426 1.0754
 KZT /  KGS 0.1860 0.1953
 EUR /  KGS 78.6800 79.7600
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.9500
 RUB /  KGS 1.0200 1.0900
 KZT /  KGS 0.1830 0.1970
 EUR /  KGS 78.3000 79.7000
Валюта 15 Ноябрда 16 Ноябрда
USD 69.8333 69.8492
EUR 78.7929 79.0658
RUB 1.0270 1.0485
KZT 0.1858 0.1888
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 200.36 -
2.00 7 303.03 -
5.00 16 887.19 -
10.00 32 931.91 -
31.1035 99 671.59 -
100.00 274 695.93 -
Алтындын курстары бетине өтүү

“Золотая Корона” акча которуу тутуму

 ​​​​​​​​​​​«Золотая Корона – акча которуу» кызматы Финансылык Технологиялар Борбору Компанияларынын Тобуна кирет. Тейлөө акча которуу рыногунда 2003-жылдан бери эсеп ачпастан иштейт жана Россиянын, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн аймагында кызмат көрсөтөт.

Биз кепилдик беребиз:

  • «Связной», «Евросеть», «МТС», «Билайн», НОУ ХАУ (ИОН), Максимус жана башка банк бөлүмдөрү менен соода тармактарындагы акча которууну тейлөөнүн эң ыңгайлуу тармагына кепилдик беребиз;

  • Которуунун тездиги – аны жөнөтүлгөндөн кийин бир секунддан кийин алса болот;

  • Дарексиздиги – которууну толтурууда аны жөнөтүп жаткан өлкөнү жана шаарды гана көрсөтүү зарыл. Алуучу которууну ала турган жерди ыңгайына жараша өзү тандап алат;

  • Тарифтери төмөн –  0% тарта;

  • SMS-которуунун статусу жөнүндөгү кабар*;

  • Тутумдун сайтында on-line режиминде которуунун абалын контролдоо мүмкүнчүлүгү.

АКЧАНЫ КАНТИП ЖӨНӨТҮҮ КЕРЕК?

Бүгүнкү күндө Россияда жакынкы жана алыскы чыгыш өлкөлөрүндө  49 000ден ашык  Тейлөө пункттары жөнөтүүчүлөрдүн кызматын аткарат. Акчаны банктардын кеңселеринен, Билайн, Связной, Евросеть, МТС, НОУ ХАУ (ИОН), Максимус тармактарынын салон-дүкөндөрү, ошондой эле интернет аркылуу жөнөтүүгө болот.​

Которууну жөнөтүү үчүн Сизге:

  • Өздүгүңүздү аныктаган документ;

  • Акча;

  • Алуучунун аты-жөнү;

  • Которууну ала турган өлкө жана шаар талап кылынат. Алуучунун жашаган так дареги талап кылынбайт – шаарын гана көрсөтсө жетиштүү. Которууну алуучу акчаны кайсыл пункттан алуу өзүнө ыңгайлуу экендигин өз алдынча тандап алат.

  • Эгерде Сиз акысыз SMS-маалымат берүү кызматынан пайдалангыңыз келсе, өзүңүздүн жана алуучунун уюк телефондорунун номерлерин айтасыз*

КОТОРУЛГАН АКЧАНЫ КАНТИП АЛУУ КЕРЕК?

  • Өзүңүз тандаган шаардагы ар кандай ыңгайлуу тейлөөчү пунктка келесиз;

  • Өздүгүңүздү ырастаган документти көрсөтөсүз*. Которулган акчаны берип жаткан банк жайгашкан өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарында каралган кошумча маалыматтар же документтер талап кылынган айрым өлкөлөргө көңүлүңүздөрдү бурабыз.

  • Которуунун контролдук номерин атоо керек. Сизге акча жөнөтүлөөрү менен автоматтык SMS-маалымат функциясынын аркасында Сиз которуунун контролдук номери жазылган SMSти аласыз (суммасы 2 500 рублден, АКШ 50 долларынан, 50 евродон ашык сумманы которуу үчүн).

Которуунун контролдук номерин билген соң анын статусун ушул жерден текшерсе болот. Издөө үчүн эч кандай кошумча маалымат талап кылынбайт.​

  • ​​​Бир жолку которуунун эң жогорку суммасы  600 000 рублди, 20 000 АКШ долларын, 15 000 еврону түзөт.

  • Кытайга которулуучу эң көп сумма  20 000 АКШ долларын түзөт.

  • РФ резиденти бир банк күнүнүн ичинде жөнөтө турган эң жогорку сумма  5 000 АКШ долларын (же башка валютадагы буга тете сумманы) түзөт. Эквивалентин эсептөө которуу жөнөтүлгөн датага Россиянын Банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт.

  • Абхазия Республикасынын аймагында алуу үчүн арналган которуунун эң жогорку суммасы бир күндүн ичинде  200 000 рублди (же башка валютадагы ага тете сумманы) түзөт. Эквивалентин эсептөө которуу жөнөтүлгөн датага Россиянын Банкынын курсу боюнча  эсептелет.

  • Түрк Республикасынын аймагында алуу үчүн арналган бир жолку которуунун эң жогорку суммасы  10 000 АКШ долларын түзөт.

  • Монголиянын аймагында алуу үчүн арналган бир которуунун эң жогорку суммасы 15 000 АКШ  долларын, 10 000 еврону түзөт.

  • Башка чектөөлөр «Золотая Корона – Акча которуу» тутумун тейлөө эрежелери жана аймагында бул Тейлөөнүн кызматы көрсөтүлгөн өлкөнүн мыйзамдары менен аныкталат.

Кошумча маалымат:  www.perevod-korona.com сайтында жайгаштырылган.