Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.6500 69.8000
 EUR 82.2000 83.1000
 RUB 1.1600 1.2060
 KZT 0.2070 0.2140
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.8000
 RUB /  KGS 1.1735 1.2203
 KZT /  KGS 0.2078 0.2148
 EUR /  KGS 82.2200 83.2000
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.8000
 RUB /  KGS 1.1400 1.2100
 KZT /  KGS 0.2040 0.2150
 EUR /  KGS 81.8000 83.2000
Валюта 23 Ноябрда 24 Ноябрда
USD 69.7048 69.7476
EUR 82.0425 82.6230
RUB 1.1813 1.1930
KZT 0.2111 0.2114
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 384.50 -
2.00 7 667.50 -
5.00 17 746.10 17 942.27
10.00 34 754.00 -
31.1035 105 324.00 -
100.00 291 872.75 304 461.00
Алтындын курстары бетине өтүү

Баалуу кагаздар

«Кыргызкоммерцбанк» ААК баштапкы дилер болуп саналуу менен, кардарлардын тапшыруусу боюнча юридикалык, ошондой эле жеке жактар үчүн биринчи жана экинчи рынокто Мамлекеттик баалуу кагаздар  (МКВ) менен операция жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтөт.

Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу баалуу кагаздардын төмөнкү түрлөрүн сунуштайт:

  • МКВ – Мамлекеттик казна вексели

  • МК – Мамлекеттик казна облигациялары

  • КР УБнын ноталары

МКВ – кыска мөөнөттүү  (3, 6, 12 ай) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дисконттук мамлекеттик  баалуу кагаздары. 1 МКВнын наркы – 100 сом. МКВ эсептерде жазуу түрүндө документтик эмес формада чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги МКВнын эмитенти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы (КР УБ) – МКВнын чыгарылышын тейлөө боюнча башкы агент болуп саналат. МКВнын чыгарылыштарын жайгаштыруу жума сайын КР УБ жүргүзгөн тооруктар (аукциондор) аркылуу жүргүзүлөт.

Тике катышуучулар (баштапкы дилерлер, финансы-насыя мекемелери жана КР УБ менен келишим түзгөн башка мекемелер) тооруктарга катышууга укук алышат. КР УБнын койгон талаптарына жооп берген жана экинчи рынокто МКВнын өтүмдүүлүгүн колдоп турган Кыргыз Республикасынын Коммерциялык резидент-банктары баштапкы диллерлер болуп саналат. Азыркы учурда 16 баштапкы дилер катталган. Коммерциялык банктар жана  мамлекеттик казына векселдери рыногунда операция жүргүзүүгө КР УБ менен келишим түзгөн институционалдык инвесторлор (инвестициялык жана пенсия фонддору, камсыздандыруучу компаниялар жана финансы мекемелери) финансылык-насыя мекемелери болуп саналат.

Юридикалык, ошондой эле жеке жактар Кыргыз Республикасынын МКВсынын ээлери болуп саналат. Чет өлкөлүк инвесторлорго МКВ рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк чектелбейт. Инвесторлор тарабынан МКВны сатып алуу тоорукта (аны баштапкы жайгаштырууда) же экинчи рынокто баштапкы дилерлер аркылуу гана жүргүзүлөт.

МКВнын экинчи рыногунда бүтүмдөрдү түзүү КР УБнын электрондук соода тутуму аркылуу жүргүзүлөт, ал баштапкы дилерлерге жана алардын кардарларына өздөрүнүн жумуш орундарынан туруп эле МКВны сатып алуу/сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Улуттук банк Борбордук депозитарийдин милдетин аткарат. Баштапкы дилерлер инвесторлор кезигишкен жерде баалуу кагаздарга менчик укугун сактоо жана каттоо боюнча милдеттерди аткарган субдепозитарийлердин ролунда чыгышат.

МКО – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пайыздык кирешеси (купону) бар жана жүгүртүү мөөнөтү 1 жылдан ашкан узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар. 1 МКОнун номиналдык наркы жана чыгаруу параметрлери МКОну чыгаруу учурунда эмитент тарабынан аныкталат. МКО документсиз жана докмуенттешкен формаларда чыгарылат.

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги ЭМКОнун эмитенти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (КР УБ) – МКОнун чыгарылышын тейлөө боюнча башкы агент.

МКОнун чыгарылыштарын жайгаштыруу КР УБ эмитент аныктаган мезгил аралыктарында жүргүзүүчү тооруктар аркылуу жасалат. Тике катышуучулар (баштапкы дилерлер, финансы-кредит мекемелери жана КР УБ менен келишим түзгөн башка мекемелер) тооруктарга катышуу укугуна ээ. КР УБнын койгон талаптарына жооп берген жана МКВнын экинчи рыноктогу өтүмдүүлүгүн колдогон  Кыргыз Республикасынын коммерциялык резидент-банктары баштапкы дилерлер болуп саналат. Азыркы учурда 16 баштапкы дилер катталган.

Коммерциялык банктар жана мамлекеттик казына облигациялар рыногунда операция жүргүзүүгө КР УБ менен келишим түзгөн институционалдык инвесторлор (инвестициялык жана пенсия фонддору, камсыздандыруу компаниялары жана финансы мекемелери) финансылык-насыя мекемелери болуп саналышат.

Юридикалык, ошондой эле жеке жактар Кыргыз Республикасынын МКОсунун ээлери болуп саналышат. Инвесторлор тарабынан МКОну сатып алуу тоорукта (аларды баштапкы жайгаштырууда) же экинчи рынокто баштапкы дилерлер аркылуу гана ишке ашырылат.

КР УБнын ноталары – бул мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар, аларды КР УБсы кагаз эмес түрүндө чыгарат жана жүгүртүүдөгү акча массасын жөнгө салуу үчүн арналган акча-насыя  саясатынын куралы катары пайдаланылат.

Бир нотанын номиналдык наркы 10 000 сомду түзөт. Ноталар  7, 14, 28, 91, 182 күн мөөнөткө жүгүртүүгө чыгарылат жана  дисконт менен жайгаштырылат, ал эми номиналдык наркы боюнча тындырылат. Ноталарды жайгаштыруу жума сайын өтүүчү тооруктарда ишке ашырылат. Тике катышуучулар (коммерциялык банктар жана КР УБ менен келишим түзгөн башка мекемелер) тооруктарга катышуу укугуна ээ.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КР УБнын ноталары боюнча милдеттенмме албайт. 

МАМЛЕКЕТТИК БААЛУУ КАГАЗДАР (МБК) ЖАГЫНАН КАРДАРЛАР МЕНЕН ОПЕРАЦИЯ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ КОМИССИЯЛЫК ТӨЛӨМДӨР БОЮНЧА ТАРИФТЕР