Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 68.9000 69.3000
 EUR 79.3000 80.7000
 RUB 1.0100 1.0370
 KZT 0.1860 0.1970
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 68.9000 69.4800
 RUB /  KGS 1.0058 1.0464
 KZT /  KGS 0.1867 0.1985
 EUR /  KGS 79.3700 80.9400
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 68.9000 69.4800
 RUB /  KGS 1.0000 1.0800
 KZT /  KGS 0.1850 0.1990
 EUR /  KGS 79.1500 80.9000
Валюта 21 Августта 22 Августта
USD 69.4557 69.4557
EUR 79.1552 79.1552
RUB 1.0386 1.0386
KZT 0.1932 0.1932
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 139.05 -
2.00 7 179.90 -
5.00 16 577.62 -
10.00 32 312.77 -
31.1035 97 748.87 -
100.00 268 514.53 -
Алтындын курстары бетине өтүү

Kyrgyzkommerts Банк насыя карталарын чыгарууну баштады

20 Июнда 2017

Kyrgyzkommerts Банк Mastercard жана Visa эл аралык төлөм системаларынын негизинде жеңилдетилген мезгилдер менен насыя карталарын чыгарууга киришти.

Жеңилдетилген мезгили менен насыя картасы – бул заманбап чечим, анын жардамы менен кызыктырган товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө сизде дайыма акча жаныңарда болот.

Kyrgyzkommerts Банк кайсы болбосун учурда зарыл болгон сумманы алганга мүмкүнчүлүк түзгөн насыя карталарын сунуштайт. Аларга насыя лимити орнотулат (500 000 сомго чейин), анын алкагында сиз пайыздарды төлөбөстөн каражаттарды чыгарып алып, корото аласыз. Бул өзгөчө күнүмдүк чыгымдарга же салыштырмалуу бир аз сатып алууларга шашылыш түрдө акча зарыл болгондо өзгөчө ыңгайлуу.

Жеңилдетилген мезгил (45 күнгө чейин) зарыл болгон сумманы алууга, сиз кыялданган нерсени сатып алууга, андан кийин мисалы, айлыгыңызды алганда, алынган каражаттардын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк түзөт. Карта кармоочусунан жалгыз талап кылынган нерсе - туура, олуттуу мамиле, жеңилдетилген мезгилдин аяктоосуна чейин калган күндү көзөмөлдөө, өздүк каржыларды туура, рационалдуу башкаруу. Эгер мунун баарын сиз оңой эле аткарсаңыз, сиз мындай карта менен төлөм жүргүзүп, жеңилдетилген мезгил аяктаганга чейин күтпөстөн, 100% алынган насыя каражаттардын ордун толтуруп, мурдагыдан көбүрөөк нерселерди алууга мүмкүндүк берет.

Мындай карта менен колдонуп, сиз насыя алууну калган ар бир учурда банкка кайрылуу зарылчылыгынан кутуласыз. Кайсы болбосун учурда сиз акчаны накталай эмес ыкма менен алып же банкоматтан накталай акчаларды чыгара аласыз – албетте лимиттин чегинде.

Kyrgyzkommerts Банкынын насыя карталарын тунук жана пайдалуу тарифтер айырмалап турат. Ошентип, Mastercard жана Visa карталары боюнча насыя лимити 500 000 сомго чейин түзгөндүктөн, картаны колдонуу үчүн пайыздык коюм – жылдык 30% чейин түзөт.

Kyrgyzkommerts Банкынын насыя картасын колдонуунун негизги артыкчылыгы болуп төмөнкүлөр саналат: насыяны төлөөнүн максималдуу ийкемдүү шарттары - айлык минималдуу төлөм кардардын Банк алдында карызынан 5%ды түзөт; өнүм “колдонбосоң, эч нерсе төлөбөйсүң” негизинде түзүлгөн;

Kyrgyzkommerts Банктан насыя карталары колуңуздун алдында дайыма зарыл болгон акча каражаттарынын суммасына ээ болууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Kyrgyzkommerts Банктан насыя карталарын чыгаруу жана колдонуу шарттары боюнча толук маалыматты төмөнкү шилтеме боюнча Банктын сайтынан тапсаңыз болот: http://kkb.kg/creditcard/


Жаңылыктар тизмегине кайтуу