• Башкы бет
  • ЖАНЫЛЫКТАР
  • «Кыргызкоммерцбанк» ААКсы “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында биринчи...
Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 68.4000 68.7000
 EUR 80.0500 81.0500
 RUB 1.0900 1.1150
 KZT 0.2040 0.2110
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 68.4000 68.7500
 RUB /  KGS 1.0823 1.1308
 KZT /  KGS 0.2060 0.2135
 EUR /  KGS 80.0300 81.2600
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 68.4000 68.7500
 RUB /  KGS 1.0800 1.1350
 KZT /  KGS 0.2040 0.2140
 EUR /  KGS 80.0500 81.5500
Валюта 20 Мая 21 Мая
USD 68.4500 68.4500
EUR 80.8155 80.8155
RUB 1.1051 1.1051
KZT 0.2086 0.2086
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 313.52 -
2.00 7 528.85 -
5.00 17 454.98 -
10.00 34 067.49 -
31.1035 103 198.47 -
100.00 286 034.32 -
Алтындын курстары бетине өтүү

«Кыргызкоммерцбанк» ААКсы “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында биринчи насыяны берди

10 Январда 2017

Бүгүн биздин Банктын башкы кеңсесинде КРнын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында биринчи насыяны берүү ишке ашырылды.  

Исмаиловдун айтуулары боюнча ал армияда көптөн бери кызмат өтөп келет, буга байланыштуу ага жана үй-бүлөсүнө көп учурларда бир жерден экинчи жерге ижара батирлерге  көчүүгө туура келген. Бирок азыр МИК алкагында ипотека насыясын алгандан кийин анын үй-бүлөсү өзүнүн менчик батиринде жашайт. 

Аскер кызматчысы айтып бергендей, ипотека боюнча чечим кабыл алуудан мурун ал өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн эсептеди, эми ал ижара батир үчүн акча төлөгөндөн ордуна насыяны төлөйт.

Мындан башка Мирбек Исмаилов КРнын Өкмөтүнүн программасы боюнча Кыргызкоммерцбанктын биринчи кардары эле болбостон, ошондой эле мамлекеттик ипотека алган КРнын Чек ара кызматынын биринчи кызматкери болду. Жыйынтыгында ал “Кыргызкоммерцбанк” ААКнун жамаатына ыраазычылыгын билдирип, алардын компетенттүүлүгүн жана көңүл калтырбагандыгын белгилей кетти.

Кыргызкоммерцбанк 2016-жылдын ноябрь айынан “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” Мамлекеттик ипотекалык компаниясы ишке ашырган  КРнын Өкмөтүнүн программасынын катышуучусу болду.

Банктын Башкармалыгынын төрагасы Алмаз Айбалаев өз тарабынан Кыргызкоммерцбанкка Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын Программасына катышуусу кызык экендигин белгилеп кетти. Программа мамлекеттик кызматкерлерге өз турак - жайын алууга көмөктөшүүгө банкка мүмкүнчүлүк берет, ал эми каржы уюму өз кезегинде кардарды жаңы банк кызматтарына даярдай алат.

«Ипотеканы биринчи жолу алып жаткан кардарлар банк кызматтарынын эң активдүү колдонуучулары деле болгон эмес. Программа банк кызматтары менен тартылбаган калктын категориясын банкка алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзөт,  алар билбеген, бирок эркин колдоно алган өнүмдөрдү көрө алышат деген ойдобуз», - деп Алмаз Айбалаев белгилеп кетти.

Ал ошондой эле банк өкмөттүк программага негизги багыт катары киришүүгө алдына максат койгонун, анткени ипотекага турак-жай алуу – бул олуттуу кадам жана алуучу чечимди баалап кабыл алуусу зарыл экенин кошумчалады.

Азыркы учурда Кыргызкоммерцбанк ипотека насыясын алууну каалаган  бюджеттик  чөйрө менен жигердүү иш алып барып жатат. Жакынкы арада алардын көбү менчик турак-жайга ээ болооруна үмүт кылабыз. 


Жаңылыктар тизмегине кайтуу