• Башкы бет
  • ЖАНЫЛЫКТАР
  • «Кыргызкоммерцбанк» жана Mastercard кыргызстандыкты чемпиондор лигасынын финалына жиберишет
Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.6500 69.8000
 EUR 82.2000 83.1000
 RUB 1.1600 1.2060
 KZT 0.2070 0.2140
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.8000
 RUB /  KGS 1.1735 1.2203
 KZT /  KGS 0.2078 0.2148
 EUR /  KGS 82.2200 83.2000
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.8000
 RUB /  KGS 1.1400 1.2100
 KZT /  KGS 0.2040 0.2150
 EUR /  KGS 81.8000 83.2000
Валюта 23 Ноябрда 24 Ноябрда
USD 69.7048 69.7476
EUR 82.0425 82.6230
RUB 1.1813 1.1930
KZT 0.2111 0.2114
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 384.50 -
2.00 7 667.50 -
5.00 17 746.10 17 942.27
10.00 34 754.00 -
31.1035 105 324.00 -
100.00 291 872.75 304 461.00
Алтындын курстары бетине өтүү

«Кыргызкоммерцбанк» жана Mastercard кыргызстандыкты чемпиондор лигасынын финалына жиберишет

27 Апрелде 2017

«Кыргызкоммерцбанк» ААКу жана Mastercard компаниясы “UEFA Champions League Final Cardiff 2017ге эки кишиге жолдомо утуп ал” акциясынын жеңүүчүсүн аныктады. Ал кыргызстандык  Гали Гареев болду.  

«Биз бул акцияны биздин жарандардын накталай эмес төлөмдөргө кызыгуусун жогорулатуу үчүн уюштурдук. Биздин өнөктөш Mastercard компаниясы дүйнөнүн кайсы болбосун жеринде зарыл болгон сатып алууларды жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү  тез, жеңил жана ыңгайлуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн төлөм чечимдерине адистешкен. Биздин кардарлар бул демилгеге жигердүү катышышкан жана Mastercard картасын колдонуунун артыкчылыктарын баалай алышты.   Мен накталай эмес төлөмдөр системасы жарандардын жана бизнестин ыңгайлуулугу үчүн өлкөбүздө жигердүү өнүгөөрүнө ишенем»,  –  деп Банктын Башкармалыгынын төрагасы  Алмаз Айбалаев белгилеп кетти

Акцияга катышуу үчүн «Кыргызкоммерцбанктан» Mastercard  карталары менен сатып алуулар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү керек болгон.  Шарттарга ылайык эң престиждүү европа футбол турниринин биринин финалына баруу үчүн соода түйүндөрүндө да, Интернет тармактарында да 200 сомдон жогору суммага көбүрөөк накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү керек эле.  Мындан башка эң жигердүү катышуучулардын арасында жума сайын байгелер – брендделген баштыктар, термокружкалар, рюкзактар ойнотулуп турду. Бардык белектер Mastercard компаниясы тарабынан кичи пейилдикке берилди. 

«Mastercard дүйнө жүзүндөгү башкы максаты – бардыгы үчүн эсептешүүлөр жеңил, ыңгайлуу жана коопсуз боло турган накталай эмес дүйнөнү түзүү. Кыргызстан — биз аябай зор потенциалды көргөн маанилүү рынок. Акцияга жигердүү катышып, бүгүнкү күндөрдө Кыргызстан тургундары накталай эмес эсептешүүлөрдүн ыңгайлуулугун, ошондой эле картанын каржы инструменти катары ишенимдүүлүгүн  баалай алды.    Mastercard карта кармоочулары дайыма көбүрөөк атайын сунуштарды, сапаттуу сервисти жана жагымдуу күтүлбөс белектерди алышат. Биз ошентип  жеңүүчүгө баалангыс тажрыйбаны -  УЕФА Чемпиондор лигасынын финалына барууну белек кылуудан кубанычтабыз», — деп Грузияда, Кыргызстанда, Таджикистанда, Туркменистанда жана Өзбекистанда  Masterсard аймактык директору Игорь Степанов белгилей кетти.  ​

Акция Кыргыз Республикасында 1-февралдан 16-апрель 2017 жылга чейин жүргүзүлгөн. Башкы байгенин жеңүүчүсүн көз карандысыз комиссия аныктаган.

Маалымат үчүн: 

«Кыргызкоммерцбанк» ААКсы — Кыргыз Республикасынын аймагында банк кызматтарынын кенен катарын сунуштаган универсалдуу банк. Ишмердүүлүктүн негизги багыттары: депозиттерди жайгаштыруу, насыялоо, эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана юридикалык жана жеке тараптарды кассалык тейлөө,   баалуу кагаздар, чет өлкөлүк валюталар, каржы инструменттердин туундулары менен операциялар, эмиссия жана насыя жана төлөм карталарын тейлөө. Банк Visa жана Mastercard эл аралык төлөм системаларынын Принципиалдуу мүчөсү эң жогорку статусуна ээ, Visa, Mastercard®, Maestro®, American Express жана  Элкарт карталарын тейлейт, ошондой эле Union Pay International төлөм системасынын Принципиалдуу мүчөсү болуп саналат. 

Masterсard (NYSE: MA), www.mastercard.com, бул төлөм чечимдерине жана технологияларына адистешкен эл аралык компания. Компания 210дон ашык өлкөлөрдө жана аймактарда керектөөчүлөрдү, каржы мекемелерин, соода ишканаларын, мамлекеттик уюмдарды жана жеке тармактар  өкүлдөрүн бириктирген дүйнөдөгү эң тез төлөм системасын  башкарат. Masterсard  өнүмдөрү жана чечимдери сатып алуулар, саякат, бизнести жүргүзүү жана каржыны башкаруу сыяктуу күнүмдүк  коммерциялык ишмердикти жеңилирээк, коопсуз жана майнаптуу кылат.  Биз жөнүндө Твиттер социалдык тармактарында @MasterсardNews, аркылуу маалым болуп жүр, Cashless Pioneers Blog талкууларына катыш жана Engagement Bureau жаңылыктарына жазыл.


Жаңылыктар тизмегине кайтуу