• Башкы бет
  • ЖАНЫЛЫКТАР
  • Sawada Holdings компаниясы “Кыргызкоммерц” банкынын акцияларынын кошумча эмиссиясын сатып алды.
Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 68.0000 68.2900
 EUR 83.4500 84.3500
 RUB 1.1830 1.2050
 KZT 0.2070 0.2140
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 67.9500 68.3000
 RUB /  KGS 1.1838 1.2196
 KZT /  KGS 0.2097 0.2168
 EUR /  KGS 83.1000 84.4200
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 67.8500 68.2500
 RUB /  KGS 1.1700 1.2300
 KZT /  KGS 0.2060 0.2160
 EUR /  KGS 83.0000 84.5000
Валюта 23 Февралда 24 Февралда
USD 67.9355 67.9355
EUR 83.4248 83.4248
RUB 1.1969 1.1969
KZT 0.2126 0.2126
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 391.29 -
2.00 7 684.38 -
5.00 17 846.30 -
10.00 34 850.14 -
31.1035 105 630.16 -
100.00 293 852.29 306 526.00
Алтындын курстары бетине өтүү

Sawada Holdings компаниясы “Кыргызкоммерц” банкынын акцияларынын кошумча эмиссиясын сатып алды.

12 Июнда 2017

9-июнда Жапониянын жана Кыргызстандын каржы мекемелери арасында алгачкы макулдашууга кол коюлду. Акциялары JASDAQ Токио фондулук биржасында  баасы белгиленген жапондук айкын компания Sawada Holdings Co. Ltd. “Кыргызкоммерц” банкынын кошумча эмиссиясында акциялар пакетин  сатып алды.  Макулдашуу Кыргызстанда инвестициялык климаттын өнүгүшүнө жагымдуу таасир этет жана эки өлкөнүн ишкердик мамилелеринин өрчүп-өнүгүшүнө түрткү болот. 

Макулдашууга кол коюунун жүрүшүндө Sawada Holdings Co Ltd башкармалыгынын төрагасы  Хидео Савада  эми компания өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон банк чөйрөсү менен алектенээрин белгилеп кетти. Ошондой эле ал кол коюлган макулдашуу кыргыз жана жапон бизнес мамилесин өнүктүрүү үчүн да, ошондой эле “Кыргызкоммерц” банкынын Кыргызстанда ири бизнес менен кызматташтыгын бекемдөө үчүн да түрткү болооруна үмүттөнөөрүн белгилеп кетти. 

Жапониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ямамура Ёсихиро  эки компания арасында ишкердик мамилелерди түзүү Жапония каржы тармагынын Кыргызстанга алгачкы инвестициялоосун тарткандыгын белгилеп кетти. «Бул жылы биздин өлкөлөр арасындагы дипломатиялык мамилелерге 25 жыл толду. Бул жылдар ичинде биз көптөгөн тармактарда иштеше алдык. Бирок Кыргызстанда азыркыга чейин жапон капиталы жок болгон. Эми Sawada Holding «Кыргызкоммерц» банкынын башкаруусуна катышып, банк тармагынын өнүгүшүнө жаңы түрткү болот », - деп Ямамура Ёсихиро кошумчалады. 

Sawada Holdings Co. Ltd. «Кыргызкоммерц» банкынын капиталына катышуусу сапаттуураак банк өнүмдөрүн жана кызматтарын берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. «Биринчи кезекте биз банк тармагына алдыңкы технологияларды киргизүүнү күтүп атабыз. Негизинен бул окуя – инвесторлор үчүн жакшы белги. Ал өлкө үчүн оң имидж түзөт. Мындан башка биздин кардарларда бизге көбүрөөк ишеним пайда болот», - деп  «Кыргызкоммерц» банкынын Директорлор кеңешинин төрагасы  Канат Мамакеев макулдашууга кол коюу боюнча түшүндүрүп кетти. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгында алгачкы жолу өлкөнүн каржы рыногуна ушундай маанилүү жапон компаниясы кирип жатаарын баса белгиледи.   

«Макулдашууга кол коюу «Кыргызкоммерц» банкынын капиталынын жогорулашын өзүнө тартат. Ошондой эле жаңы технологияларды жана жаңы банк ишмердүүлүгүн, жаңы каржы өнүмдөрүн   киргизүү күтүлүп жатат», - деп кошумчалап кетти.

 Sawada Holdings каржы корпорациясы 1958-жылы негизделген. Компания баалуу кагаздар рыногунда иштеп, банктык, брокердик, камсыздандыруу  ишмердүүлүгүн жана туризмди өнүктүрүүнү ишке ашырат. Ошондой эле банк тармагында активдерге ээ, Монголиянын эң ири банктарынын бири Khan Bank банкында контролдоочу акционер жана россиялык СОЛИД Банкында ири акционер.

«Кыргызкоммерц» банкы  - Кыргыз Республикасынын аймагында банк кызматтарынын кенен катарын көрсөткөн универсалдуу банк. Банк Visa жана  Mastercard эл аралык системасынын приниципиалдуу мүчөсүнүн эң жогорку статусуна ээ, Visa, Mastercard, Maestro, American Express жана Элкарт карталарын тейлет, ошондой эле China Union Pay төлөм системасынын Принципиалдуу мүчөсү.

«Кыргызкоммерцбанк» ААКнун пресс-кызматы
Тел: +996 (312) 333 000 кош. номур 17108
 
 

 

 


Жаңылыктар тизмегине кайтуу