Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.2000 69.5500
 EUR 78.6500 79.6000
 RUB 1.0260 1.0490
 KZT 0.1860 0.1970
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.2000 69.6000
 RUB /  KGS 1.0176 1.0545
 KZT /  KGS 0.1875 0.1989
 EUR /  KGS 78.5400 79.8300
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.2000 69.6000
 RUB /  KGS 1.0000 1.0800
 KZT /  KGS 0.1850 0.1990
 EUR /  KGS 78.3000 79.8000
Валюта 18 Августта 19 Августта
USD 69.4557 69.4557
EUR 79.1552 79.1552
RUB 1.0386 1.0386
KZT 0.1932 0.1932
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 117.11 -
2.00 7 136.53 -
5.00 16 468.45 -
10.00 32 093.93 -
31.1035 97 070.41 -
100.00 266 333.10 -
Алтындын курстары бетине өтүү

Чет өлкөгө чыгып жаткандарга

Төмөнкү сунуштар чет өлкөгө  жөнөп жаткан  «Кыргызкоммерцбанк» ААКы чыгарган картаны кармагандарга пайдалуу.

Кандай картаны тандоо керек?

 «Кыргызкоммерцбанк» чыгарган бардык карталар эл аралык болуп саналат жана бардык өлкөлөрдө иштейт. Аларды тандоо чөйрөсү өтө кеңири  жана  Visa Electron жана  Cirrus Maestro бюджеттик карталарынан тартып респектабелдүү Visa Gold жана MasterCard Platinumга чейин берилет. Сиз үчүн саякатыңызда кайсынысы айрыкча ыңгайлуу экенин түшүнүү үчүн сиз аны кандай пайдалана тургандыгыңызды аныктап алышыңыз керек. Эгерде сиз картанын жардамы менен автомобилдин ижарасын төлөгүңүз келсе, анда Visa Classic жана  MasterCard Standardдан төмөн эмес класстагы карта керек.

Картанын колдонулуу мөөнөтү

Эгерде сиз саякат учурунда картаны пайдалангыңыз келсе анын колдонулуу мөөнөтүн текшерип алыңыз. Эгерде картанын колдонулуу мөөнөтү саякатыңыздын учурунда бүтүп кала турган болсо, аны кайра чыгаруу жөнүндө  алдын ала камкордук көрүп коюңуз.

Бир эсеп – эки карта!

Чет өлкөгө барганда ар түрдүү төлөм тутумундагы эки карта болгону жакшы. Эгерде сизде Visa International төлөм тутумунун картасы болсо ага кошумча катары  MasterCard International төлөм тутумунун картасын же анын тескерисинче тандасаңыз болот. Ар түрдүү төлөм тутумундагы эки картанын болушу сизди ар кандай ыңгайсыз жагдайдан чыгарып кетет, мисалы техникалык себептер менен белгилүү төлөм тутумундагы карта боюнча операция жүргүзүүгө  болбой калганда, экинчисин колдонсо болот. Эки төлөм тутумунун карталарынын болушу сизге  соода жана тейлөө ишканасында бир төлөм тутумунун гана карталары колдонулган учурда да жардам берет.

Төлөм картасын бөгөө

Эгерде карта жоголсо же уурдалса эмне кылуу керек? Тезирээк Банкка билдирүү зарыл. Картадагы сиздин акчаңыздын сакталышы анын жоголушу/уурдалышы жөнүндө call-борбордун кызматкерлерине билдирүүңүзгө жараша болотSMS-банкинг аркылуу картаны бөгөп коюуга да болот.

PIN-кодду алмаштыруу

Эгерде  бир нече  картаңыз болсо, жана алардын PIN-кодун эске тута албасаңыз, анда PIN-кодду алмаштыруу боюнча кызмат көрсөтүү сизге жардамга келет. PIN-кодду алмаштыруу Великобританиянын, Украинанын, БАЭнин, Россиянын жана АКШнын аймагында банкоматтарда транзакция жүргүзгөн  карта кармоочуларга , ошондой эле сиздин PIN-кодуңуз башка бирөөгө белгилүү болуп калгандыгынан шектенгендерге көбүрөөк сунушталат.

SMS-банкинг

бул  банктын карталарын кармоочулар үчүн өтө пайдалуу кызмат, анын жардамы менен ар кандай учурда өзүңөрдүн  карточка эсептериңер боюнча бардык операцияларды контролдоого болот.  Роуминг болгон учурда SMS-банкингдин бардык опциялары Кыргызстандын чегинен тышкары жерлерде да жеткиликтүү болуп калат.

Банк  карталарынын тобокелдерин контролдоо Башкармалыгы  чет өлкөгө, өзгөчө  Таиландга, Сингапурга, Малайзияга, Индонезияга, АКШга жана Великобританияга  кетип жаткан кардарларына   SMS-банкингке жазылууну абдан сунуштайт. 

Кайсы төлөм картасын пайдалануу керек?

Эгерде картаңарда чоң насыя лимити же өз акчаңардын ири суммасы болсо, анда  сиздер транзакцияларды жүргүзүү коопсуздугуна  көбүрөөк көңүл бөлүшүңөр керек. Идеалда ар түрдүү категориялардагы транзакцияларды жүргүзүү үчүн  ар түрдүү карталардын болгону жакшы, мисалы, ресторандарда, түнкү клубдарда, майда белек саткан дүкөндөрдө, чакан азы-түлүк дүкөндөрүндө ж. б.  эсептешүү үчүн өзүнчө карта болгону жакшы.  Мындай картага чыгымдардын белгилүү бир лимитин, мисалы суткага/жумага/ айга АКШнын 500 долларын  (же өзүңүз башка сумманы) бөлүп койгон жакшы. Мейманканаларда, автомобилдерди ижаралоочу агенттиктерде, зер дүкөндөрдө, авиабилеттерди сатып алууда ж. б. эсептешүү үчүн чыгымдоо лимити коюлбаган башка картаны пайдалансаңыздар болот.

Чектөөлөр

Банк «Кыргызкоммерцбанк» ААКнын карталарын кармоочулар жүргүзүүчү бардык транзакцияларды туруктуу негизде бейлей (мониторинг) тургандыгын эске салабыз. Эгерде транзакция шек туудурса (мисалы,  сумманын чоңдугуна же аны өткөргөн жерге байланыштуу), анда ага «Эмитент-банк менен байланыш» деген жооп келет (01 «Refer to card issuer» же «Call Issuer» коду менен жооп),  эл аралык төлөм тутумдарынын  эрежелерине ылайык мындай жоопту алган учурда соода/тейлөө түйүнү өзүнүн тейлеген банкына кайрылууга жана “атайын режимде» операция жүргүзүүгө тийиш, ал  картанын аныктыгын кошумча текшерүүдөн өткөрөт жана аны көрсөткөн адамдын өздүгүн аныктайт. Бирок айрым учурларда соода жана  тейлөө түйүндөрү мындай жооп  алгандан кийин нускамаларды колдонбой,  көп учурда кардарды тейлөөдөн баш тартып коюшат, бул болсо эл аралык төлөм тутумдары аныктаган эрежелерди бузуу болуп саналат. Мындай учурда сиз: +7 (7272) 585 257 же +7 (7272) 585 255 телефон боюнча банктын  сутка бою иштеген call-борборуна чалып жана учурдагы операция үчүн лимиттин  колдонулушун же саякаттоо учуруңуздагы лимиттин колдонулушун токтотуп койсоңуз болот. Эгерде сиз саякаттоо учурунда көбүрөөк  суммага транзакция кылгыңыз келсе, анда алдын ала эле лимиттердин колдонулушун алып салган оң.

Накталай акча алуу

Эске тутуучу нерсе, төлөм картасы өтө чоң акчалай сумманы чет өлкөгө ташып кетүү үчүн каражат болуп саналбайт. Ошондуктан айрым өлкөлөрдө накталай акча берүүгө чектөөлөр киргизилген. Эреже катары, бул  күнүнө АКШнын 5000 доллары. Мындай чектөө банкоматтарга, ошондой эле накталай акча берүү пункттарына да жайылтылышы мүмкүн. Эгерде кыдырууда сиз картадан өтө ири суммадагы акча алгыңыз келсе, бул туурасында эске тутушуңуз керек. 

Накталай акчаны чукулунан берүү жана убактылуу картаны берүү

Visa Classic / MasterCard Standard жана андан жогорку класстардагы карталардын кармоочуларына накталай акчаны чукулунан берүү жана убактылуу карта берүү кызматтары көрсөтүлөт. Эгерде сизде ушул кызматтардын биринин зарылчылыгы пайда болгондо (карта жоголгондугуна же уурдалгандыгына байланыштуу) +7 (7272) 585 257 же +7 (7272) 585 255 номерлери боюнча сутка бою иштеген call-борборго  чалыңыздар жана төмөнкүлөрдү билдириңиздер:

  • Сизге зарыл болгон накталай акчанын  суммасын (5000 USD долларга чейин)

  • Байланыш телефонун

  • Өзүңүз келген өлкөнү жана шаарды

  • Visa International же MasterCard International дүйнөлүк колдоо кызматынын оператору менен сүйлөшө турган тилди (орус же англис)

  • Мындан кийин сиз менен Visa International же MasterCard International дүйнөлүк колдоо кызматынын оператору байланышат жана акчаны  кайсы жерден жана кантип алууга  боло тургандыгын билдирет.