Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 68.0000 68.2900
 EUR 83.4500 84.3500
 RUB 1.1830 1.2050
 KZT 0.2070 0.2140
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 67.9500 68.3000
 RUB /  KGS 1.1838 1.2196
 KZT /  KGS 0.2097 0.2168
 EUR /  KGS 83.1000 84.4200
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 67.8500 68.2500
 RUB /  KGS 1.1700 1.2300
 KZT /  KGS 0.2060 0.2160
 EUR /  KGS 83.0000 84.5000
Валюта 22 Февралда 23 Февралда
USD 68.1121 67.9355
EUR 83.8835 83.4248
RUB 1.2023 1.1969
KZT 0.2128 0.2126
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 391.29 -
2.00 7 684.38 -
5.00 17 846.30 -
10.00 34 850.14 -
31.1035 105 630.16 -
100.00 293 852.29 306 526.00
Алтындын курстары бетине өтүү

Коопсуздук чаралары

Өзүн коопсуз кылуу жана карточка эсебиндеги каражатты сактоо үчүн төмөнкү коопсуздук чараларын сактоону сунуштайбыз:

  • PIN-кодду төлөм карталары менен чогуу сактабагыла.

  • Өзүңүздүн  PIN-кодуңузду эч убакта эч кимге билдирбеңиз.

  • PIN-кодду киргизгенде кыраакы болуңуз, киргизип жаткан сандар башкаларга көрүнбөөгө тийиш.

  • Эч убакта картаны башка бирөөгө бербеңиз.

  • Соода жана тейлөө ишканаларында карта менен бардык операцияларды өзүңүздүн көзүңүзчө жүргүзүңүз.

  • Картаңызды башка бирөө номерин жана сиздин колуңуздун үлгүсүн көчүрүп алышы мүмкүн болгон жерге калтырбаңыз.

  • Сизге  берилген слиптердин жана колуңуз коюлган касса чектеринин нускаларын үч ай бою сактаңыз.

  • Магнит тилкесин бузуп албас үчүн картаны электромагниттик нур чыгарган  булактарга (дисплейлер, телевизорлор, СВЧ-мештер,  укма жана көрмө аппаратуралар ж. б.) жакын  кармабаңыз. Товарларды магниттик кодировкалоо пайдаланылган жерде  эсептешкен учурда сак болуңуз – бул  картанын банкоматтарда жана  электрондук касса терминалдарында иштетүүдө баш тартууга же туура эмес иштеп калышына алып келиши мүмкүн. 

ПИН-кодду алмаштыруу

Сиз көп саякаттайсызбы жана картадагы өз каражатыңыздын коопсуздугуна тынчсызданасызбы? Өз картаңыздын  PIN-кодун эстей албайсызбы? Өз картаңыздын PIN-кодун кайда жазып коюу ишенимдүү болорун ойлоносузбу? Бул көйгөйлөрдү унутуп коюңуз! PIN-кодду өзүңүз түзүңүз! Эгерде сиз өз картаңыз үчүн PIN-кодду өзүңүз түзгөн болсоңуз андагы сандардын тартибин  жеңил эле эстей аласыз. 

SMS-Банкинг

SMS-билдирүү  сиздин карточкадагы эсепте кандайдыр бир өзгөрүү болгон сайын  сиздин уюк телефонуңузга келе берет. Эгерде сиз эсеп боюнча калдыкты  же карточка операцияларынын тизмесин билгиңиз келсе  сураган маалыматыңыз сизге SMS түрүндө жөнөтүлөт.

Төлөм карталары жагынан алдамчылыктын түрлөрү: