Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 68.1000 68.3500
 EUR 79.0500 79.9800
 RUB 1.0600 1.0850
 KZT 0.1940 0.2020
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 68.1000 68.4000
 RUB /  KGS 1.0599 1.0944
 KZT /  KGS 0.1957 0.2036
 EUR /  KGS 79.0000 80.2300
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 68.1000 68.4000
 RUB /  KGS 1.0500 1.1000
 KZT /  KGS 0.1920 0.2070
 EUR /  KGS 78.9000 80.2000
Валюта 20 Июлда 21 Июлда
USD 68.2210 68.2377
EUR 79.2319 79.4389
RUB 1.0782 1.0748
KZT 0.1978 0.1969
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 150.01 -
2.00 7 201.83 -
5.00 16 632.95 -
10.00 32 422.94 -
31.1035 98 092.34 -
100.00 269 617.71 -
Алтындын курстары бетине өтүү

Айыл чарбаны каржылоо-6

«Кыргызкоммерцбанк» ААКсы  айыл чарбаны өнүктүрүү үчүн Бишкекте насыя берет. Банкта насыяны бергенге комиссиясыз насыя алуу.

“Айыл чарбаны каржылоо -6” насыялоо программасынын стандарттуу шарттары:

Параметрлери  Мазмуну 
1. Максаттуу топ  Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы,  айыл-чарба продукциясын кайра иштетүү
2. Максаттуу багыты

 

  • Мал чарбачылыгы тармактары боюнча:

Бул тармакка төмөнкүлөр мененалектенген субъекттер кирет:

-  бодо малды, анын ичинде топоздорду көбөйтүү менен;

- койлорду, эчкилерди, жылкыны, коёндорду көбөйтүү менен;

- канаттууларды көбөйтүү (тооктор, каздар, өрдөктөр, страустар, бөдөнөлөр жана башка айыл чарба канаттууларын);

- аары балын жана аары момун өндүрүүнү кошо бал аарыларын көбөйтүү;

- балык өстүрүү жана балык чарбасы ишмердиги жана балык фермалары;

- чочколорду багуу;

Асыл тукум малга төмөнкү тукумдар кирет:

- бодо мал  (Ала-Тоо, карала, Олуя-Ата, ошондой эле голштин, жерси, симментал, айширс, герефорд, голланддык, ярослав, холмогорск), топоз жана жылкылар;

- койлор (уяң жүндүү, Тянь-Шань,  жарым уяң жүндүү, Алай жана  меринос).

Бул тармактагы субъекттер ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы  үчүн 3  (үч) млн. Сомго чейин өлчөмдөгү насыяны ала алышат. Асыл тукум мал жана жасалма уруктандыруу үчүн мал сатып алып жаткан субъекттер менчик формасына карабай – жеке жактар да, юридикалык жактар да, 10 (он) миллион сомго чейин насыя ала алышат.

  • Өсүмдүк өстүрүү тармагы боюнча

Өсүмдүк өстүрүү тармагына кирет:

- дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;
- техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;
- жашылча, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү,
- багбанчылык, питомникте өсүмдүк өстүрүү;
- күнөскана чарбасын жүргүзүү;
- мөмө жана жер жемиштерди  өстүрүү;
- тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү;

- сактоо жана кампалоо.

Өсүмдүк өстүрүү менен алектенген субъекттер долбоордун алкагында насыя алуу үчүн милдеттүү түрдө жердин болушун күбөлөндүргөн документ(күбөлүк, ижара келишими, соода-сатык келишими) менен менчик же ижарага алынган айыл чарба багытындагы жерге ээ болушу керек. “Өсүмдүк өстүрүү” тармактарынын субъекттери үчүн насыянын максималдуу суммасы үчүн чектөөлөр аныкталган эмес.

 

  • Кайра иштетүү тармагы:

Бул тармакка төмөнкүлөр кирет:

- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү (дан өсүмдүктөрү, буурчактар, эт жана бодо мал жана майда малдардын терисин, сүт);

- балык жана балык азыктарын кайра иштетүү жана консервалоо;

- жемиштерди, жашылчаларды жана жер-жемиш азыктарын кайра иштетүү жана консервалоо;

- өсүмдүк майын жана малдын тоң майын өндүрүү;

- айыл чарба жаныбарлары үчүн жем өндүрүү;

- минералдык сууларды өндүрүүдөн тышкары, айыл чарба продукциясынан тамак-аш азыктарын өндүрүү (айыл чарба продукциясынан экинчи чийки затты кошо);

- айыл чарбасы үчүн жер семирткичтерин жана азоттук бирикмелерди өндүрүү;

- жашылча сактоочу жайларды кошкондо, айыл чарба продукциясын таңгактоо, кампага жайгаштыруу жана сактоо;

- айыл чарба малы жана канаттуулары үчүн мал союучу цехтер;

- айыл чарба продукциясын сатып алууну, сактоону, ташууну жана өндүрүүнү уюштуруу боюнча логистикалык борборлор.

 

Субъекттердин биринчи категориясы, 20 дан баштап жумуш орундары  болгон ишканаларды өзүнө камтыйт жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы үчүн 150 (жүз элүү) млн. сомдон ашпаган өлчөмдөгү насыяны ала алышат.

 

Субъекттердин экинчи категориясы,  20га чейин  жумуш орундары  болгон ишканаларды өзүнө камтыйт жана ушул Долбоордун алкагында бир зайымчы  үчүн 10 (он) млн. сомдон ашпаган өлчөмдөгү насыяны ала алышат.

Ушл Долбоордун алкагында бардык өндүрүш циклинин этаптары каржыланышы мүмкүн, анын ичинде негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу,  ошондой эле эмгекти төлөө фонддорун каржылоо. 

3. Насыяны алуу үчүн милдеттүү шарттар  Тармак субъекттери Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп, бардык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, анын ичинде салык кызматында жана социалдык фонддо катталган болуш керек. 
4. Насыяны алууда артыкчылык берилген субъекттер 

Мал чарбачылыгы тармагы боюнча:

Өзүнүн өнүмдөрүн жеткизип өткөрүүгө кайра иштетүүчү ишканалар менен келишим (контракттарды) түзгөн субъекттерге артыкчылык берилет.

Өсүмдүк өстүрүү тармагы боюнча:

Бул тармакта артыкчылык берилген багыт болуп экспорттук айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүнү, ошондой эле күнөскана чарбасын жүргүзүүнү каржылоо жана тамчылатып  сугаруу системасын киргизүү долбоорун каржылоо саналат.

Кайра иштетүү тармагы боюнча:

Бул тармакта төмөнкү субъекттерге артыкчылык берилет:

- экспортко багытталган айыл чарба продукциясы;

- айыл чарба өнүмдөрүн (чийки затты) жеткирүүгө жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен келишим (контракт) түзгөндөр;

Ушул Долбоордун алкагында Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунан каржылоонун болушу учурунда кайра иштетүү ишканалар тарабынан параллелдүү каржылоо алууга жол берилет. 
5. Күрөөсүз негизде насыялоонун өзгөчө шарттары

Жеке насыялар боюнча 100 (жүз) миң сом өлчөмүндө жана топтук насыялар боюнча 500 (беш жүз) миң сом өлчөмүндө насыя каражаттары күрөөсүз негизде 12 айга чейин кайтарып берүү мөөнөтү менен Карыялар/аксакалдар/айыл кеңешинин жазуу жүзүндөгү сунуштары бар болгондо берилет. Муну менен бирге бул максатка багытталган жалпы сумма насыялоонун жалпы суммасынан 5 пайыздан ашпаш керек. 

6. Субъекттер үчүн кошумча шарттар 

Мал чарбачылыгы тармагы боюнча:

Бул тармакка багытталган каражаттар каржылоонун жалпы суммасынан 50% ашпаш керек, анын ичине 10 пайызы асыл тукум малды сатып алууга багытталышы зарыл. Мал сатып алууга насыя алган субъекттер 3 ай ичинде ветеринария чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан сатылып алынган малды далдаштыруу жөнүндө документ тапшырышы абзел.

Өсүмдүк өстүрүү тармагы боюнча:

Бул тармак үчүн багытталган каражаттар жалпы каржылоонун суммасынан 25% ашпаш керек, анын ичинен 50% багбанчылыкка.

Кайра иштетүү тармагы боюнча:

Бул тармак үчүн багытталган каражаттар жалпы каржылоонун суммасынан 25% ашпаш керек. 

7. Насыялоо мөөнөтү  Жүгүртүү каражаттарынан 36 айдана ашык эмес 
8. Бир ишкердик субъекти үчүн насыянын максималдуу суммасы  Насыя өлчөмү бир ишкердик субъектине 150 000 000 сомдон ашпашы керек 
9. Насыялоо валютасы  Кыргыз сому 
10. Пайыздык коюм 

 

Жылдык 10 пайыз  - «мал чарбачылыгы» жана  «өсүмдүк өстүрүү» тармактары үчүн;
Жылдык 6 пайыз  - «айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн»;
Жылдык 8 пайыз:

- багбанчылык менен алектенген субъекттер үчүн;

- асыл тукум малды сатып алып жаткан субъекттер үчүн.

11. Комиссиялар жана башка жыйымдар Насыя суммасынан 0 % 
12. Төлөп жабуу графиги 

Пайыздарды ай сайын төлөө*.

Жеңилдетилген мезгилден кийин негизги сумманы төлөө ай сайын тең үлүштөрдө квартал сайын аныкталат*.
13. Жеңилдетилген мезгил 

Негизги сумманы төлөп жабуу боюнча жеңилдетилген мезгил - 6 ай*;

 - Пайыздарды төлөп жабуу боюнча жеңилдетилген мезгил берилбейт;
14. Айыптык санкциялар  

1. Эгер график боюнча төлөп жабуу иш күнүнө туура келсе, анда туум төлөп жабуу күнүнөн кийинки күндөн баштап жылдык номиналдык пайыздык ченди эсептөө боюнча кошулуп эсептелет (юридикалык жактар үчүн туум номиналдуу кош пайыздык  ченди эсептөө боюнча кошулуп эсептелет).
2. Насыяны максатка ылайыксыз колдонгон учурда насыя боюнча пайыздык чен насыяны берген күндөн тартып 30% жылдык өлчөмдө белгиленет.

3. Насыяны мөөнөтүнөн эрте төлөгөндө –0% комиссия (арыз 3 күн мурун).

4. Насыяны кайра түзүмдөштүрүү,  узартууну берүү учурунда Банкта колдонулган пайыздык ченге ылайык насыя боюнча пайыздык ченди кайра эсептөө жүргүзүлөт жана комиссиянын өлчөмү “Кыргызкоммерцбанк” ААКнын Насыя комитетинин чечими боюнча белгиленет.  
15. Насыяны кайра каржылоо  Зайымчылардын болгон карызын кайра каржылоосун жүргүзүүгө акысы жок.
16. Насыяны максатуу колдонулушунун мониторинги 

Насыянын мониторинги Чакан бизнести насыялоо боюнча колдонмого жана Ири бизнести насыялоо боюнча колдонмого ылайык насыяны максатка ылайык колдонууну тастыктаган төмөнкү документтерди милдеттүү түрдө тапшыруу эске алуу  менен жүргүзүлөт :

Алынган малдын, жемдин, үрөндүн,  жер семирткичтердин, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү үчүн чийки заттын ж.б. сүрөттөрү.
Сатылып алынган айыл чарба багытындагы товардык-материалдык баалуулуктар, анын ичинде биологиялык активдер, айыл чарба өнүмдөрү, үрөндөр, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар жана  айыл чарба техникасына кам тетиктер боюнча төлөм жүргүзүүнү, кызматтары боюнча төлөм жүргүзүүнү тастыктаган төлөм документтердин, контракттардын/келишимдердин, сертификаттардын жана/же эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын көчүрмөлөрү (каражаттардык колдонуу  тууралуу отчёт менен бирге берилиши керек).  

Мал базарынан маалымкаттар/айылдык аймакта тастыкталган жеке жактар арасында соода-сатык келишими же болбосо жергиликтүү бийлик органдарынан  кармалган малдын курамы жана саны жөнүндө маалымкат (чарба китебинен көчүрмө жазуу). Ошондой эле 3 ай ичинде ветеринария чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан сатылып алынган малды далдаштыруу жөнүндө документ тапшырышы абзел.
Мал үчүн жемди сатып алуу жөнүндө же айыл чарба өсүмдүктөрүн өчтүрүү үчүн айыл чарба жерлеринин болушу жөнүндө тастыктоочу документтер же болбосо  айылдык аймакта тастыкталган жеке жактар арасында соода-сатык келишими.
Насыяны алгандан баштап бир ай ичинде айыл чарба өндүрүүчүлөрү документтик тастыктоолордун (контракттар/келишимдер, сертификаттар, эсеп фактуралары жана / же коштомо кагаздар, төлөм тууралуу төлөм документтер жана башка документтер) тиркелиши менен максаттуу пайдалануу жөнүндө отчет бериши керек.

Кийинки 2 ай ичинде зайым алуучудан максаттуу пайдалануу жөнүндөотчетту алгандан кийин Банктын ыйгарым укуктуу кызматкери ордун баруу менен мониторинг жүргүзүп, ал ички текшерүү отчету менен таризделет. Насыяны максаттуу эмес пайдаланууда тийиштүү акт түзүлүп, бул маселе “Кыргызкоммерцбанк”ААКсынын Насыя Комитетине чыгарылыш керек. 
17. Насыялоонун жалпы шарттары  “Кыргызкоммерцбанк” ААКсынын  ички ченемдик документтерге  жана талаптарга ылайык.
18. Камсыздоо Камсыздоо катары Күрөө саясатынын талаптарына жана Өнүмдөр программасынын шарттарына жооп берген мүлк кабыл алынышы мүмкүн. 

* “Айыл чарбасын каржылоо -6” матрицасы боюнча айрым шарттар жана талаптар Экономика министрлигинин жана/же Финансы министрлигинин жазылуу түрдөө уруксааты менен “Кыргызкоммерцбанк” ААКсынын Насыя Комитетинин чечимине ылайык өзгөртүлүшү мүмкүн. 

 

Артка насыя тизмесине

Насыя боюнча төлөөнү эсептөө

Калькулятордун эсептөө натыйжалары маалыматтык мааниге ээ. Насыянын так параметрлери Банк тарабынан сиздин өтүнмөнү карап чыгуу жыйынтыктары боюнча эсептелинет. Сиздин назарыңызды так эсептөөнүн жана төлөө графиктерин сизге банк кеңселеринде насыя адиси берээрине бурабыз.