Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.7000 69.9000
 EUR 79.1500 80.1500
 RUB 1.0400 1.0600
 KZT 0.1820 0.1900
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.7000 69.9000
 RUB /  KGS 1.0357 1.0704
 KZT /  KGS 0.1815 0.1905
 EUR /  KGS 79.0400 80.1800
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.9500
 RUB /  KGS 1.0200 1.0800
 KZT /  KGS 0.1780 0.1920
 EUR /  KGS 78.8000 80.3000
Валюта 18 Январда 19 Январда
USD 69.8493 69.8393
EUR 79.5968 79.5924
RUB 1.0513 1.0529
KZT 0.1858 0.1847
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 376.33 -
2.00 7 654.47 -
5.00 17 771.03 -
10.00 34 700.09 -
31.1035 105 163.06 -
100.00 292 350.31 -
Алтындын курстары бетине өтүү

Учурдагы эсептер боюнча операциялар

«Кыргызкоммерцбанк» ААКы  өз кардарларына, юридикалык жактарга, резиденттерге жана резидент эместерге, өзүнчө/жеке ишкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде эсептер боюнча кызмат көрсөтүүнүн бардык түрүн сунуштайт.

Банктын  кызматынан пайдаланып, операциялардын төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзүүгө болот:

  • Товарларды, жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү, продукция чыгаруу, иш аткаруу, кызмат көрсөтүү үчүн сом менен жана чет өлкө валютасында акча которуу,

  • Социалдык фондго төлөмдөр,

  • Салык боюнча төлөмдөр,

  • Чет өлкөлүк валютада конвертация (сатып алуу/сатуу),

  • Накталай акча операциялары (учурдагы эсепке каражат чегерүү жана учурдагы эсептен каражат берүү).

Банкта ачылган учурдагы эсептер боюнча операция жүргүзүүнүн артыкчылыгы:

  • Төлөмдөрдү, которууларды жана кардардын эсеп боюнча башка көрсөтмөлөрүн ыкчам аткаруу.

  • Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө акча которуу мүмкүнчүлүгү.

  • Операция жүргүзүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү толтуруунун ыңгайлуу жана жөнөкөй ыкмасы.

  • Улуттук, чет өлкөлүк валютада эсептешүүнү караган контракттар боюнча төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.

  • Резиденттер менен резидент эместердин ортосунда төлөмдөрдү жүргүзүүдө кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү.

Төлөмдү аткаруу убактысы  (валюталоо датасы):

  • Банктын чегинде, ошондой эле улуттук валютада Кыргыз Республикасынын чегинде – күнмө-күн.

  • Тышкы – валюталоонун белгиленген датасына жараша 1 – 3 банк күнүндө.

Кызмат көрсөтүүнүн наркы:·      

  • Ар бир операция үчүн комиссия Банктын белгиленген тарифтерине ылайык алынат:

- Касса  операцияларына тарифтер

- Которууга тарифтер

Төлөм  үчүн зарыл шарттар:

  • Банкта эсептин болушу,

  • Төлөм документинин болушу (төлөм тапшырмалары, валюта которууга арыз);

  • Формалар жана бланктар:

   –  Улуттук валютада төлөм тапшырмасынын формасы;

   –  Чет өлкөлүк валютада төлөм тапшырмасынын формасы;

   –  Конвертациялоо бланкы;

  • Улуттук валютада накталай каражат взносуна арыз;

  • Чет өлкөлүк валютада накталай каражат взносуна арыз;

Кыргыз Республикасынын резиденттери менен резидент эместердин ортосунда валюта төлөмдөрүн жана төлөмдөрдү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык документтерди сунуштоо зарыл.