Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.6500 69.8000
 EUR 82.2000 83.1000
 RUB 1.1600 1.2060
 KZT 0.2070 0.2140
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.8000
 RUB /  KGS 1.1735 1.2203
 KZT /  KGS 0.2078 0.2148
 EUR /  KGS 82.2200 83.2000
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.8000
 RUB /  KGS 1.1400 1.2100
 KZT /  KGS 0.2040 0.2150
 EUR /  KGS 81.8000 83.2000
Валюта 23 Ноябрда 24 Ноябрда
USD 69.7048 69.7476
EUR 82.0425 82.6230
RUB 1.1813 1.1930
KZT 0.2111 0.2114
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 384.50 -
2.00 7 667.50 -
5.00 17 746.10 17 942.27
10.00 34 754.00 -
31.1035 105 324.00 -
100.00 291 872.75 304 461.00
Алтындын курстары бетине өтүү

Аккредитивдер

Сиз тышкы соода контрактын түзмөкчү болуп, төлөмдүн өзүңүз үчүн ылайыктуу түрүн тандоодо  кыйналып жатасызбы? Сатып алуучу алдын ала төлөмдү толугу менен жүргүзгүсү келбей, ал эми сатуучу  акча албай туруп товарын жүктөп жөнөткүсү келбесечи (же кызмат көрсөткүсү келбесечи)?

«Кыргызкоммерцбанк» ААК сунуш кылган ыңгайлуу эсептешүү ыкмасы сатып алуучу үчүн да, сатуучу үчүн да тобокелди мүмкүн болушунча төмөндөтүүгө жардам берет.

Документтик аккредитив – бул аккредитив чыгарган Банктын кайра чакырылбас милдеттенмеси, ал  аккредитивдин тийиштүү шарттарына жараша сунушталган документтерге ылайык сумманы пайдасына аккредитив чыгарып жаткан тарапка  (бенефициарга) төлөп берүүсү.

Аккредитивди пайдалануунун артыкчылыктары:

Сатып  алуучу үчүн:

  • Накталай эмес финансылоо.

  • Алдын ала төлөөнүн ордуна товардын берилиши/жөнөтүлүшү боюнча акы төлөө.

  • Чет өлкөлүк финансылык институттардын каражатынын эсебинен  товар үчүн акы төлөө (пост-финансылоо).

  • Сиздин бүтүмдү  оперативдүү жана квалификациялуу коштоо.

Сатуучу үчүн:

  • Берилген /жөнөтүлгөн товар же көрсөтүлгөн кызмат үчүн кепилдик менен төлөмүн алуу.

  • Продукцияны өткөрүү рыногунун географиясын кеңейтүү.

  • Экспорттук  түшкөн каражатка финансылоо алуу мүмкүнчүлүгү.

Аккредитив чыгаруу үчүн эмнелер зарыл?

Тарифтер

ЭСКЕРТҮҮ: «Кыргызкоммерцбанк» ААКында ачылган эсеп аккредитив чыгаруу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.

Эсеп ачуу үчүн зарыл болгон документтер