Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.5500 69.7500
 EUR 77.8000 78.7000
 RUB 1.0970 1.1160
 KZT 0.1790 0.1860
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.5000 69.8000
 RUB /  KGS 1.0928 1.1204
 KZT /  KGS 0.1791 0.1861
 EUR /  KGS 77.6300 78.9400
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.5000 69.8500
 RUB /  KGS 1.0800 1.1400
 KZT /  KGS 0.1750 0.1900
 EUR /  KGS 77.5000 79.5000
Валюта 19 Июлда 20 Июлда
USD 69.6500 69.6517
EUR 78.2796 78.3651
RUB 1.1086 1.1079
KZT 0.1812 0.1810
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 616.87 -
2.00 8 143.74 -
5.00 19 012.46 -
10.00 37 188.36 -
31.1035 112 910.00 -
100.00 317 577.65 -
Алтындын курстары бетине өтүү

БАНК ЖӨНҮНДӨ

«Кыргызкоммерцбанк» ААКнын (мындан ары – Банк) көп жылдык ийгиликтүү тарыхы бар жана өлкөбүздүн финансы рыногунда 27 жылдан ашык мезгилден бери майнаптуу иштеп келе жатат. Тынымсыз өркүндөп жана заманбап эл аралык тенденциялардан калышпай, Банк Кыргыз Республикасындагы туруктуу жана ишенимдүү финансылык институт болуп саналат.

Банк «Кыргызавтобанк» ААКнын жолун улантуучу болуп саналат, ал 1989-жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык типтеги акционердик коом катары  түзүлгөн. 2002-жылы июнь айында «Кыргызавтобанк» ААКнын 72,35% акциясын Казакстандын аймагындагы эң ири финансы мекемелеринин  бири – «Казкоммерцбанк» ААК сатып алган. 2002-жылы декабрда «Казкоммерцбанк» ААКы Банктын акционердик капиталындагы өз үлүшүн 73,8%га чейин көтөргөн, бул «Кыргызавтобанк» АКын «Казкоммерцбанк-Кыргызстан» ААКына айландырууга себеп болгон. Мында улуттук жана чет өлкөлүк валютада банк операциясын жүргүзүүгө  укук берген. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жаңы лицензиясы алынган. 2011-жылы декабрда «Казкоммерцбанк» АКынын өзүнө караштуу Банктагы акцияларынын үлүшү 95,75%га чейин өскөн.

2015-жылы февралда «Казкоммерцбанк» ААКы акцияларынын 95,75%ын жеке жак К. М. Мамакеевге саткан. Мындан соң акционерлердин 2015-жылдын 27-мартындагы  Жалпы чогулушунун  чечимине  ылайык,  «Казкоммерцбанк-Кыргызстан» ААКы «Кыргызкоммерцбанк» ААКы деп аталган. 2015-жылы 27-майда Банк Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде  кайра каттоодон өткөн, ошондой эле 2015-жылы 17-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын жаңы лицензиясын алган жана ага ылайык улуттук жана чет өлкөлүк валютада банк операцияларын жүргүзүп жатат.

 «Кыргызкоммерцбанк» ААКы универсалдуу банк болуп саналат жана Кыргыз  Республикасынын аймагында банк кызматынын көп түрүн көрсөтөт. Ишинин негизги багыттары: депозиттерди жайгаштыруу, насыя берүү, алыш-бериш эсептерин жүргүзүү жана юридикалык, жеке жактарды кассалык тейлөө, баалуу кагаздар менен, чет өлкөлүк валютадагы операциялар, финансылык каражаттарды колдонуу, эмиссия жана насыя, төлөм карталарын тейлөө.

Банктын Visa жана MasterCard эл аралык төлөм тутумдарынын Принциптүү мүчөсү деген эң жогорку статусу бар, Visa, MasterCard, Maestro, American Express жана Элкарт карталарын тейлейт. China Union Pay төлөм тутумунун Принциптүү мүчөсү статусун алуу боюнча иш-чаралар ийгиликтүү аяктады.

2016-жылы февралда Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарып жаткан  аффинаждалган чен куймалары түрүндө асыл металлдар менен операция жүргүзүүгө укук берген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кошумча лицензиясын алды. Бул «Кыргызкоммерцбанк» ААКынын кардарларына өз аманатын алтын түрүндө сактоого мүмкүнчүлүк берет.

2017-жылдын июнь айында акциялары JASDAQ Токио фондулук биржасында баасы белгиленген жапондук айкын компания Sawada Holdings Co. Ltd. “Кыргызкоммерц” ААКнун кошумча эмиссиясынын жүрүшүндө 52.90% үлүш сатып алды. Бул Жапония жана Кыргызстандын каржы мекемелери арасындагы биринчи макулдашуу. Чет өлкөлүк инвесторлор чоң оптимизм менен өлкөбүздө өсүү келечегин баалап жатышат. Мындан башка бул макулдашуу КРнын инвестициялык климатын өркүндөтүүгө жагымдуу таасир этет. Sawada Holdings каржы корпорациясы 1958-жылы негизделген. Компания баалуу кагаздар рыногунда иштеп, банктык, брокердик, камсыздандыруу ишмердүүлүгүн жана туризмди өнүктүрүүнү ишке ашырат. Ошондой эле банк тармагында активдерге ээ, Монголиянын эң ири банктарынын бири Khan Bank банкында контролдоочу акционер жана россиялык “СОЛИД Банкында” ири акционер.

Банк Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы  “Банк аманаттарын (депозиттерин) коргоо жөнүндө” мыйзамына (2010-жылдын 3-мартындагы толуктоолору менен)  ылайык, аманаттарды  камсыздандыруунун мамлекеттик тутумунун катышуучусу болуп саналат жана ага катышкан банктардын Реестрине киргизилген (2009-жылдын 12 августу № 03-09). Ошентип, Депозиттерди коргоо боюнча Агенттик банктын аманатчыларына камсыздандыруу учурунда 200 000 сомго чейин  төлөп берүүгө кепилдик берет.

Ошондой эле Банктын акциясы Кыргыз Фонд биржасына жайгаштырылган.

«Кыргызкоммерцбанк» ААКнын борбордук кеңсеси: Бишкек ш., Шопоков к. 101 дареги боюнча жайгашкан.