Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.5500 69.7500
 EUR 77.8000 78.7000
 RUB 1.0970 1.1160
 KZT 0.1790 0.1860
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.5000 69.8000
 RUB /  KGS 1.0928 1.1204
 KZT /  KGS 0.1791 0.1861
 EUR /  KGS 77.6300 78.9400
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.5000 69.8500
 RUB /  KGS 1.0800 1.1400
 KZT /  KGS 0.1750 0.1900
 EUR /  KGS 77.5000 79.5000
Валюта 19 Июлда 20 Июлда
USD 69.6500 69.6517
EUR 78.2796 78.3651
RUB 1.1086 1.1079
KZT 0.1812 0.1810
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 616.87 -
2.00 8 143.74 -
5.00 19 012.46 -
10.00 37 188.36 -
31.1035 112 910.00 -
100.00 317 577.65 -
Алтындын курстары бетине өтүү

Алтын менен жасалуучу операциялар

Асыл металлдар өтүмдүү финансылык актив болуп саналат, башкача айтканда алар тез жана коромжусуз (же минималдуу чыгым менен) акча каражатына айланышы мүмкүн. Мындан тышкары, алар инвестициялык белгилүү наркка ээ, бул нарк мезгилге жараша өзгөрүп турат.

Создуккан экономикалык кризистердин учурунда алтындын талап кылынышы жана анын натыйжасында наркы өсө тургандыгы жакшы белгилүү Азыркы учурда валюталардын наркы башаламан түшүп жаткан мезгил, андыктан көп ири банктар, финансы корпорациялары, ошондой эле этияттыкты сактаган жеке инвесторлор алтынды экономикалык соккудан ишенимдүү коргой турган тосмо катары пайдаланып жатышат.

Алтынды куйма жана тыйын түрүндө топтоо – аманаттарды инфляциядан же улуттук валютанын мүмкүн болгон девальвациясынан камсыздандыруунун ыкмасы.

Буга байланыштуу «Кыргызкоммерцбанк» АКК төмөнкүдөй кызматтарды сунуштайт:

  • Аффинаждалган асыл металлдарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмитирлеген чен куйма түрүндө сатып алуу жана сатуу.

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмитирлеген асыл металлдардан жасалган коллекциялык тыйындарды сатуу.

ЭСКЕРТҮҮ: Аффинаждалган асыл металлдар – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган асыл металлдардын маркаланган куймалары, алардын массасы  1, 2, 5, 10, 31,1035 (троя унциясы) жана 100 грамм өлчөмдө болуп куйманын лигатурлук массасында негизги металлдын химиялык таза өлчөмү  99,99%дан кем болбойт.

Сынамы – белгилүү асыл металлдын курамы, ал эритменин массасынын миң бирдик үлүшүндө өлчөнөт.  «Сынам» термини эритмедеги таза металлдын химиялык пайыздык катышын билдирет. Мында эритменин өзүнүн массасы  лигатуралык масса деп аталат. Мисалы,  0,999 сынамы лигатуралык массанын 1 000 үлүшүнө химиялык жактан таза асыл металлдын 999 үлүшү туура келе тургандыгын билдирет.

Аффинаждалган асыл металлдар  (ААМ) менен операцияны банк иш күндөрү  10:00дөн 14:00 саатка чейин жүргүзөт.

ААМдин сатылуучу баасы жана аны кайра сатып алуу баасы мурунку жумуш күнү үчүн Лондондун асыл металлдар рыногу ассоциациясынын кечки фиксингинин негизинде күн сайын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сому менен белгиленген наркка жараша болот.  Бул баа Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтынын негизги бетине жарыяланып турат.

Эсептешүү жана ААМды сатуунун баасын жана кайра сатып алуу баасын коюу чен куйманын ар бир түрү (массасы) боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.

Алтын сатып алуунун минималдуу лоту  – 1 г.

 Алтын сатып алууда /сатууда комиссия банктын тарифтерине ылайык.