Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.8200 69.9000
 EUR 77.5000 78.5000
 RUB 1.0770 1.0900
 KZT 0.1770 0.1870
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.7500 69.9000
 RUB /  KGS 1.0714 1.0973
 KZT /  KGS 0.1807 0.1889
 EUR /  KGS 77.4200 78.5000
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.9500
 RUB /  KGS 1.0500 1.1000
 KZT /  KGS 0.1750 0.1900
 EUR /  KGS 77.3000 78.8000
Валюта 21 Мая 22 Мая
USD 69.8500 69.8500
EUR 77.9212 77.8618
RUB 1.0831 1.0823
KZT 0.1844 0.1845
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 345.42 -
2.00 7 592.65 -
5.00 17 615.99 -
10.00 34 389.52 -
31.1035 104 199.46 -
100.00 289 252.13 -
Алтындын курстары бетине өтүү

"Береке" акча которуу тутуму

«Береке» тутумунун пайдалануучулары Кыргызкоммерцбанк, Капитал Банк, КыргызКредит Банк, Дос-Кредобанк, Кыргыз-Инвестициялык-Кредит Банк, Кыргыз-Швейцария Банк, Айыл Банк бөлүмдөрү аркылуу бүткүл Кыргыз Республикасы боюнча дароо акча жөнөтө жана аны ала алат.

«БЕРЕКЕ» акча которуу тутумунун өзгөчөлүктөрү:

Акча которуу банк эсебин ачпастан жүргүзүлөт.

Которулган акчаны алуу кайда жана кайдан жөнөтүлгөнүнө карабастан, 5 мүнөттүн ичинде тиет.

Комиссия акча которуучу тарабынан гана төлөнөт.

Которулган акчаны кайдан жөнөтүлгөндүгүнө карабастан Кыргызкоммерцбанктын, Айыл Банктын, Капитал Банктын, КыргызКредит Банктын, Дос-Кредобанктын, Кыргыз-Инвестициялык-Кредит Банкынын. Кыргыз-Швейцария Банкынын каалаган бөлүмүнөн  алууга болот.

Акча улуттук, ошондой эле чет өлкөлүк валютада которулат.

Бир жолку которуунун эң чоң өлчөмү  900 000 KGSти же башка валюталардагы EUR, USD, RUB, KZT  эквивалентин түзөт:.

«Береке» акча которуу тутумунан пайдаланган кардарлар төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:

Которуунун жашыруун белгиси – бул өтө купуя маалымат, аны жөнөтүүчү алуучунун жеке өзүнө билдирет.

Албай калган которуу «Береке» тутумунда жөнөткөн учурдан тартып 30 календарлык күндүн ичинде  сакталат.

Которууну атына жөнөтүлгөн жаран же паспортун жана нотариус күбөлөндүргөн ишеним катты көрсөтүп, анын ишенимдүү адамы алса болот.

Акча которуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

Алуучунун аты-жөнүн көрсөтүү менен Банктын кызматкери толтурган “Которууга арыз” бланкына кол коюу;

Которулган сумманы кассага төгүп, комиссиясын төлөө;

Оператордон которуунун жашыруун белгисин алуу.

Алуучуга которуунун жашыруун белгисин жана сумманы айтуу.

Которууну алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

Банктын кызматкерине паспортун көрсөтүү жана которуунун Жашыруун белгисин билдирүү.

“Которууну алууга арыз” бланкына кол коюп, которулган акчаны алуу.

Которулган акчаны артка кайтаруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:​

Которууну жөнөткөн пунктка кайрылуу, Банктын кызматкерине паспортун көрсөтүү жана которуунун Жашыруун белгисин билдирүү.

Акча каражатын кайтаруунун себебин көрсөтүп, “Кайтарууга арызга” кол коюп, кассадан сумманы алуу.

Бир операция күнүнүн ичинде которуу кайтарылганда ал төлөгөнгө чейин (которуу жөнөтүлгөн күнү) төлөнгөн комиссиянын суммасы толук кайтарылат. Которуу кайтарылганда аны төлөнгөнгө чейин бир операция күнүнөн ашып кетсе, төлөнгөн комиссиянын суммасы кайтарылбайт.