Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 84.7500 84.9000
 EUR 98.0000 99.4000
 RUB 1.2000 1.2250
 KZT 0.1900 0.2060
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 84.7000 84.9000
 RUB /  KGS 1.2010 1.2529
 KZT /  KGS 0.1886 0.2121
 EUR /  KGS 97.6600 100.8200
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 84.7500 84.9000
 RUB /  KGS 1.1700 1.2700
 KZT /  KGS 0.1800 0.2300
 EUR /  KGS 95.0000 102.0000
Валюта 27 Октябрда 28 Октябрда
USD 84.7891 84.8000
EUR 98.4232 98.3171
RUB 1.2191 1.2147
KZT 0.1994 0.1991
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 5 000.00 -
2.00 10 000.00 -
5.00 21 000.00 -
10.00 42 000.00 -
31.1035 130 000.00 -
100.00 420 000.00 -
Алтындын курстары бетине өтүү

WesternUnion акча которуулары

Сиздер Western Union акчаны тез которуу эл аралык тутумунун кызматынан пайдалансаңыздар болот, бул кызматты  «Кыргызкоммерцбанк» ААКы өз кардарларына сунуштайт.

Western Union которуулары мөөнөттүү болуп саналат.  Жөнөтүлгөн акчаны болгону бир нече мүнөттөн кийин дүйнөнүн Western Union тутумунун кардарларын тейлеген пункттары бар каалаган өлкөсүнөн алууга болот.  

Western Union акча которууларын АКШнын доллары, орус рубли, кыргыз сому менен жүргүзүүгө болот!

Акча которуунун башка тутумдарына караганда Western Unionдун артыкчылыгы:

  • тейлөөнүн бүткүл дүйнө боюнча кеңири тармагы;

  • жөнөтүүчү да, алуучу да банк эсебин ачпайт; 

  • жөнөтүүнүн ылдамдыгы, ишенимдүүлүгү, ыңгайлуулугу жана жөнөкөйлүгү;

  • акча которууну жазуу жүзүндөгү билдирүү жана маалымдоо менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү.

Ишенимдүүлүгү
Western Union компаниясы 1871-жылдан бери акча которот. Азыркы учурда дүйнөнүн 200 өлкөсүндө  Western Unionдун 515 миңден ашык пункту бар.

Ар бир акча которуу коопсуздуктун дүйнөлүк деңгээлдеги ишенимдүү тутуму менен корголгон, ал акча Сиз көрсөткөн адамга гана төлөнө тургандыгына кепилдик берет.

Тездиги
Колдонулган соңку электрондук технология саналуу мүнөттүн ичинде акчаны каалаган жерге которууга мүмкүндүк берет.

Ыңгайлуулугу
Western Union тутуму боюнча акча жөнөтүү же алуу эң жөнөкөй: бул үчүн төлөм карточкасы же банк эсеби талап кылынбайт – Сиз  «Кыргызкоммерцбанк» ААК аркылуу*:

Өздүгүңүздү ырастаган документиңизди көрсөтүү менен акча которо аласыз;

Акчаны кантип которосуз?

«Кыргызкоммерцбанк» ААКнын бөлүмдөрүнүн тармактарынын бириндеги Western Union тейлеген пунктка кайрылып, өздүгүңүздү ырастаган документиңизди көрсөтөсүз; Акча жөнөтүү үчүн кыска форманы толтуруп, алуучунун толук ысмын, которулган сумманы акча которулуп жаткан шаарды жана өлкөнү көрсөтөсүз жана тейлөө пунктунун операторуна которулган акча үчүн төлөм менен кошо которулчу сумманы төгөсүз.  Которулган акчанын контролдук номери (MTCN); жазылган  дүмүрчөктүн өзүңүзгө тиешелүү нускасын оператордон аласыз;

Алуучуга  которулган акчаны алуу үчүн зарыл болгон бардык маалыматты билдиресиз:

жөнөтүүчүнүн толук ысмы;

которулган сумма;

жөнөтүлгөн өлкө;

которулган акчанын контролдук номери (MTCN);.

Которуунун контролдук номери акча которуунун милдеттүү болбогон кадыресе шарты болуп саналат.

Акча которгондугу үчүн аны которуп жаткан адам, колдонуудагы тарифтерге ылайык, жөнөтүп жаткан банкка комиссия төлөйт.

Кошумча маалымат:   www.westernunion.com сайтында жайгашкан.

Которулган акчаны кантип алуу керек?

  1. Western Union тейлеген каалаган пунктуңузга кайрыласыз;

  1. Өздүгүңүздү тастыктаган документ көрсөтөсүз; 

  1. Которулган акчаны  алуу үчүн тейлеген пункттун операторуна төмөнкү маалыматтарды билдиресиз же кыскача форманы толтурасыз:

  • которуунун контролдук номери;

  • жөнөтүүчүнүн толук ысмы;

  • жөнөткөн өлкө жана шаар;

  • которуунун суммасы;

  1. Акчаны жана дүмүрчөктү аласыз.

Эске тутуңуз: которулган акчаны алуучу комиссия төлөбөйт.

Акча которууда көбүрөөк коопсуздук болсун үчүн Сиз жообун көрсөтүү менен контролдук суроо бере аласыз. Алуучу контролдук суроого туура жооп көрсөткөндө гана ага Сиз которгон акча берилиши мүмкүн.