Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 84.8000 84.9000
 EUR 101.0000 102.5000
 RUB 1.1130 1.1330
 KZT 0.1950 0.2100
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 84.8000 84.9000
 RUB /  KGS 1.1083 1.1549
 KZT /  KGS 0.1866 0.2097
 EUR /  KGS 100.8300 103.9300
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 84.8000 84.9900
 RUB /  KGS 1.0600 1.1600
 KZT /  KGS 0.1700 0.2200
 EUR /  KGS 99.0000 104.0000
Валюта 16 Апрелде 17 Апрелде
USD 84.7800 84.8000
EUR 101.5707 101.5734
RUB 1.1013 1.1224
KZT 0.1973 0.1969
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 5 000.00 -
2.00 10 000.00 -
5.00 21 000.00 -
10.00 42 000.00 -
31.1035 130 000.00 -
100.00 420 000.00 -
Алтындын курстары бетине өтүү

Kyrgyzkommertsbank банкынан жаңы дебет карталарынын 10 артыкчылыктары

20 Декабрда 2017

Kyrgyzkommertsbank пайдалуу шарттары жана тарифтери менен Mastercard Standard Contactless жана Visa Classic payWave контактсыз дебет карталарын чыгарууну баштады. Эми карта кармоочулары ар бир сатып алуудан 1% өлчөмүндө кайтарымдарды алып, кайсы болбосун КРнын банкоматтарында комиссиясыз накталай акча ала алышат.

Биз жаңы карталардын 10 артыкчылыктарын даярдап койдук. 
 

  1. Ар бир сатып алуудан 1% кайтарым.

Соода-тейлөө ишканаларында же Интернетте Mastercard Standard Contactless же Visa Classic payWave карталары менен төлөнгөн ар бир сатып алууларда Kyrgyzkommertsbank кайра картага сатып алуунун наркынан 1% кайтарып берет. Жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны жана сатып алуулар суммасы чектелген эмес.
 

  1. Накталай акчага айландыруу үчүн комиссиялардын жоктугу

Карта кармоочулары эми накталай акчаны кайдан алып же өзүнүн банкынын банкоматын жакын жерден каяктан тапса болот деп кабатыр болбой эле койсо болот.  Kyrgyzkommertsbank  банкынан жаңы Mastercard Standard Contactless жана Visa Classic payWave карталары менен Кыргызстандын кайсы болбосун банкоматтарында накталай акча алуу үчүн комиссия − 0 сом.
 

  1. Карта боюнча киреше 5%.

Эми карта менен төлөмү жүргүзүп эле койбостон, ошондой эле туруктуу киреше алса болот. Kyrgyzkommertsbank картага сом менен салынган каражаттардын калдыгына жылдык 5% эсептеп чегерет.Сыйакылар күндө карта калдыгына эсептелип чегерилет. Эсептелип чегерилген сыйакынын суммасы картага ай сайын айдын акыркы календардык күнүндө чегерилет.
 

  1. Акысыз чыгаруу жана жылдык тейлөө.

Kyrgyzkommertsbank Mastercard Standard Contactless жана Visa Classic payWave карталарын акысыз чыгарат. Биринчи жана кийинки жылдары жылдык тейлөө − 0 сом.
 

  1. Коммуналдык жана башка кызматтарды төлөө үчүн 0 сом

Homebank.kg интернет-банкинг сервиси аркылуу комиссияларсыз коммуналдык кызматтарды, уюлдук байланышты, ТВ, интернет жана башка кызматтарды үйдөн чыкпастан эле төлөсө болот. 
 

  1. 10 % чейин R!бонустар.

Карта менен товарлар жана кызматтар үчүн Rakhmat бонустук программасынын өнөктөштөрүндө төлөр, жалгыз гана 1% кайтарым албастан, ошондой эле 10% чейин R!бонустарды алгыла! Аларды Rakhmat программасынын каалаган өнөктөшүндө сарптаса болот.1 R!бонус 1 сомго барабар. Төмөнкү шилтеме боюнча өнөктөштөр тизмеси көрсөтүлгөн: http://kkb.kg/ru/payment-cards/rakhmat-bonus/.
 

  1. booking.com сайтында орун ээлеп коюуда 7% R!бонустар.

Kyrgyzkommertsbank booking.com эксклюзивдүү өнөктөшү менен биргеликте Mastercard Standard Contactless жана  Visa Classic payWave карта кармоочуларына booking.comөнөктөш баракчасында каалаган дүйнө жүзүнүн бир жеринен номерге тапшырык берүүдө R! бонустар түрүндө ээлеп коюу суммасынан 7% кайтарым алууга мүмкүнчүлүк түздү. Программа шарттары
 

  1. Картаны толтуруу - 0 сом.

Картаны акысыз Cash-in накталай акчаларды алуу функциясы менен банкоматтарда же Kyrgyzkommertsbank филиалдарынын кассаларында толтурса болот. 

Cash-in банкоматтарынын даректери;
Филиалдарынын даректери жана байланыш маалыматтары.

 

  1. Kyrgyzkommertsbank банкоматтарында калдык жөнүндө көчүрмө жазуу алуу үчүн 0 сом.

Эгер сизге карт-эсеп боюнча калдыкка Homebank.kg интернет-банкинги аркылуу көзөмөл жүргүзүү ыңгайсыз болсо, сиз дайыма Kyrgyzkommertsbank банкоматтарында картада акча каражаттарынын калдыктары жөнүндө көчүрмө жазууну акысыз алсаңыз болот.
 

  1. Бир картада үч эсеп.

Mastercard Standard Contactless жана Visa Classic payWave карталары  бир убакытта кийинки үч эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт: сом, АКШ доллары жана  евро.

Мындан башка  Mastercard Standard Contactless картасы менен Homebank.kg. финансы порталы аркылуу картадан кайсы болбосун банкынын Mastercard картасына онлайн-которууларды жүргүзсө болот.  Картадан Kyrgyzkommertsbank банкынан Mastercard картасына которуу суммасына карабастан болгону 70 сом өлчөмүндө комиссия менен акча каражаттарын которсо болот. Кайсы болбосун банктын Mastercard картасынан Kyrgyzkommertsbank Mastercard картасына которуулар акысыз жүргүзүлөт.

Үйдөн же кеңседен чыкпастан эле Kyrgyzkommertsbank банкынан эң пайдалуу картасынын алгачкы ээлеринин бири болгула. Сиз ага Кыргызстан боюнча акысыз жеткирип берүү менен төмөнкү шилтемелер боюнча www.kkb.kg сайтында онлайн тапшырык берсеңиз болот:

Mastercard Standard Contactless
Visa Classic payWave


Жаңылыктар тизмегине кайтуу