Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 82.8000 83.5000
 EUR 88.5000 93.5000
 RUB 1.0600 1.1200
 KZT 0.1600 0.2000
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 82.5000 84.9000
 RUB /  KGS 1.0443 1.1320
 KZT /  KGS 0.1719 0.2056
 EUR /  KGS 88.4400 93.5600
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 83.0000 85.0000
 RUB /  KGS 1.0000 1.1200
 KZT /  KGS 0.1400 0.2000
 EUR /  KGS 89.0000 94.5000
Валюта 6 Апрелде 7 Апрелде
USD 84.8713 84.8713
EUR 91.6483 91.6016
RUB 1.0978 1.1108
KZT 0.1914 0.1933
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 2 500.00 -
2.00 3 500.00 -
5.00 9 000.00 -
10.00 18 000.00 -
31.1035 54 000.00 -
100.00 200 000.00 -
Алтындын курстары бетине өтүү

Onlinebank

«Кыргызкоммерцбанк» ААК OnlineBank, банктын аралыктан тейлөө кызматы иштетип баштады, ал Интернет тармагын пайдаланып кардар менен банктын ортосундагы электрондук документтерди алмашуу үчүн арналган.

Тутумдун негизги артыкчылыктарынын бири – шайма-шайлыгы. OnlineBank тутуму белгилүү бир жерге байланбайт – эгерде сиз интернетке чыга алсаңыз, анда өз эсебиңизге түшкөн акча каражатын жеңил текшерип, көзөмөлдөп жана  алардын которулуп турушун жактырып, ошондой эле банк операцияларынын башка түрлөрүн жүргүзө аласыз.

OnlineBank тутумун пайдалануу убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, анткени Банкка баруунун, жолго убакыт коротуунун жана төлөм жүргүзүүгө шашылуунун кереги жок болуп калат. OnlineBank менен  кеңседен чыкпай туруп төлөм жүргүзө аласыз. 

OnlineBank тутуму боюнча атайын даярдыктан өткөн call-борбордун тажрыйбалуу кызматкерлери Сизге туруктуу жардам көрсөтөт.

Интернет аркылуу иштөө коопсузбу? 

OnlineBank  тутумунда сиздин компьютер менен Банктын серверинин ортосундагы маалыматтарды алмашуунун корголгон каналдары, ошондой эле санариптик сертификация технологиясы колдонулат. Мында операцияларды жүргүзүүгө уруксатты тутум мындай операциялар ар бир кардар үчүн өзүнчө жасалган санариптик сертификат аркылуу ырасталгандан кийин гана берет.  Санариптик сертификатты чыгаруу «DOS TEK GROUP» ЖЧК ырастоо борбору  аркылуу ишке ашырылат.

Банкка сиз жөнөткөн баардык документтер атайын корголгон серверде сакталат жана тыштан бирөө кире албайт. Мында сиз өзүңүз гана өз акчаңыздын коопсуздугун көбүрөөк камсыз кылуу үчүн өзүңүздүн төлөм документтериңизге кол коюунун тартибин жана кезегин аныктай аласыз.

OnlineBank эмне кыла алат?

OnlineBank тутумунун жардамы менен операциянын төмөнкү түрлөрүн жүргүзүүгө болот:

  • Улуттук валютадагы төлөмдөр

    • Товарлар үчүн, аткарылган иштер жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөө

    • Социалдык, салыктык жана милдеттүү төлөмдөрдүн башка түрлөрүн жүргүзүү

    • Кызмат акыны пласттик картага корторуу 

  • Валюта которуулары  жана конвертация

    • Акчаны чет өлкөлүк валютада которуу

    • Чет өлкөлүк валютаны конвертациялоо

  • Эсептер

    • «Кыргызкоммерцбанк» ААКындагы бардык эсептер боюнча акча калдыгын жана кыймылын бейлөө (мониторинг)

    • Ар кандай мезгил аралыгы үчүн электрондук форматта көчүрмө алуу

    • Туунду компаниялардын  жана  филиалдардын эсептерин башкаруу

  • Маалымдамалар

    • Маалымдамалардын жана маалымат базаларынын ар кандай түрлөрү (төлөмдү дайындоо коддору, банктардын аталыштары жана 

OnlineBank тутумуна кантип кошулуу керек?

OnlineBank тутумуна кошулуу үчүн жөнөкөй 3 аракетти аткаруу керек:

  • «Кыргызкоммерцбанк» ААКында эсеп ачуу

  • OnlineBank тутуму аркылуу тейлөө келишимине кол коюу

  • РУТОКЕН, РУТОКЕНPINPad сыяктуу зарыл жабдууларды алуу

OnlineBank тутумун пайдалануу канча турат?

OnlineBankты пайдалануу үчүн акы төлөө 3 бөлүктөн турат:

  • ЭЦП алып жүрүүчү үчүн 1 жолку төлөм

  • Ай сайын абоненттик акы төлөө

  • Сертификат чыгаруу үчүн жыл сайын төлөм*

  • Кардардын  реквизиттери же банктагы эсепти тескөөгө укуктуу адамдардын курамы өзгөргөн учурда сертификатты кайра чыгаруу зарыл. 

Тариф жөнүндө кеңири маалымат