Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.5500 69.7500
 EUR 77.8000 78.7000
 RUB 1.0970 1.1160
 KZT 0.1790 0.1860
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.5000 69.8000
 RUB /  KGS 1.0928 1.1204
 KZT /  KGS 0.1791 0.1861
 EUR /  KGS 77.6300 78.9400
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.5000 69.8500
 RUB /  KGS 1.0800 1.1400
 KZT /  KGS 0.1750 0.1900
 EUR /  KGS 77.5000 79.5000
Валюта 19 Июлда 20 Июлда
USD 69.6500 69.6517
EUR 78.2796 78.3651
RUB 1.1086 1.1079
KZT 0.1812 0.1810
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 616.87 -
2.00 8 143.74 -
5.00 19 012.46 -
10.00 37 188.36 -
31.1035 112 910.00 -
100.00 317 577.65 -
Алтындын курстары бетине өтүү

Интернет эквайринг

«Кыргызкоммерцбанк» ААКы интернетте сиздин бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы чечимди  – маалыматтарды коргоп өткөрүү менен төлөм карталарын төлөөгө  кабыл алууну сунуштайт (SSL протоколу боюнча, ачкычтын узундугу 128 бит).

Интернет дүкөндө  төлөм карталарын төлөөгө кабыл алуу бул - :

  • Сиздин интернет-дүкөндө төлөм жүргүзүү үчүн сатып алуучуга берилген альтернативдик мүмкүнчүлүк.  Өзүнүн виртуалдык дүкөнүндө төлөм картасы менен төлөөнү сунуштап, сиз төлөө процедурасын өз кардарларыңыз үчүн кыйла жөнөкөйлөтөсүз, демек өзүңүздүн атаандашуу жөндөмүңүздү жогорулатасыз.

  • Кардарлардын санынын өсүшү.  Төлөм карталарын  төлөөгө кабыл алуу –  бул кардарлардын базасын алда канча кеңейтүүнү билдирет. Карта кармоочулардын саны тынымсыз өсүп отурат.

  • Төлөм коопсуздугу. Биз интернет аркылуу төлөм карталары боюнча акы төлөө кадимки  дүкөндөгүдөй эле ыңгайлуу жана коопсуз болушун каалайбыз. Андыктан биздин адистер тобокелди азайтуу боюнча бүтүндөй бир катар чараларды иштеп чыгышкан:  интернет-дүкөндөрдү милдеттүү каттоо, CVC2/CVV2де ачкычынын узундугу 128 бит болгон  корголгон каналды милдеттүү түрдө киргизүү, Thawte Server CA  белгилүү эл аралык сертификат борборунун сертификаттарын пайдаланат.

Авторлоштуруу борборуна  кошулуу үчүн  (epay.kkb.kz) болгону бир нече шартты сактоо зарыл:

  • «Кыргызкоммерцбанк» ААКы менен тейлөөгө келишим түзүү.

  • Төлөм карталарын, атап айтканда интерфейсти төлөмгө кабыл алуу үчүн зарыл болгон техникалык шарттарды түзүп берүү, анын жардамы менен тапшырыкты тариздөөгө жана карта менен төлөп берүүгө болот.

Биздин адистер иштеп чыккан чечим сатуучуга (интернет-дүкөнгө) карта кармоочунун жашыруун маалыматын (картанын номери, колдонулуу мөөнөтү ж. б.) сактоо максатында коопсуздук каражатын күчөтүүнүн кереги жок экендигин белгилөө зарыл, анткени бул маалыматтын бардыгы  төлөм карталарын Авторлоштуруу борборунун серверине тикеден тике корголгон түрдө берилет (epay.kkb.kz).