Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.8000 69.9000
 EUR 76.5000 77.5000
 RUB 1.0800 1.0950
 KZT 0.1790 0.1840
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.7500 69.9000
 RUB /  KGS 1.0731 1.1008
 KZT /  KGS 0.1790 0.1849
 EUR /  KGS 76.5200 77.6600
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.7000 69.9500
 RUB /  KGS 1.0650 1.1250
 KZT /  KGS 0.1750 0.1900
 EUR /  KGS 76.3000 78.3000
Валюта 19 Сентябрында 20 Сентябрында
USD 69.8460 69.8488
EUR 77.1205 77.2458
RUB 1.0841 1.0877
KZT 0.1806 0.1803
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 816.35 -
2.00 8 542.22 -
5.00 20 014.83 -
10.00 39 193.11 -
31.1035 119 135.12 -
100.00 337 591.49 -
Алтындын курстары бетине өтүү

GOLD CARD

 

Камсыздандыруу тобокелдери 

Жоопкерчилик лимити 

Камсыздандыруу компаниясы тарабынан орду  толтурулуп берилбеген  Франшиза,
Чыгаша бөлүгү 

 

Ыкчам медициналык эвакуация жана репатриацияга чыгымдар  /Өлүктү ташуу / Багуудагы балдардын кайтып келиши
 
$50,000.00
$100.00
Медициналык чыгымдар
$50,000.00
$100.00
Күтүлбөгөн кырсыктан камсыздандыруу
$50,000.00
 
$100.00
Ыңгайсыздык үчүн жеңилдиктер/ Саякат мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу
Камсыздандыруу жалгыз  гана 4 сааттан башталган убакыт аралыгына жайылат жана 12 саат күтүү менен чектелет 
$ 40.00
Алгачкы  4 саат жана 12 сааттан жогору 
Жол жүктүн кармалышы
Камсыздандыруу жалгыз  гана 4 сааттан башталган убакыт аралыгына жайылат жана 12 саат күтүү менен чектелет
$ 40.00
Сатып алууларды коргоо
$5,000.00 жылына  жана  $250 бир буюм үчүн
$50.00
Медициналык эвакуация жана репатриация боюнча камсыздандыруу Карта кармоочусуна чет өлкөдө жүргөндө ооруп калганда же  жаракат алганда жардам көрсөтүүдө жана InternationalSOS  пикири боюнча мындай чаралар медициналык көрсөтмөлөр боюнча  зарыл болсо жүргүзүлөт. InternationalSOS Карта кармоочунун жакынкы ооруканага жеткирүүсүн уюштурат  же InternationalSOS Карта кармоочусунун туруктуу жашаган өлкөсүнө  репатриациясын уюштурат.

Эвакуация/репатриация каражатын же ыкмасын тандоо InternationalSOS тарабынан аныкталат.  Эгер багууда болгон балдар Карта кармоочусунун чет өлкөдө жүргөндө жабыр тартуу же оорунун кесепетинен кароосуз калса, InternationalSOS мындай багууда болгон балдардын Карта кармоочусунун туруктуу жашаган өлкөсүнө ташылуусун уюштурат. 

Күтүлбөгөн кырсыктардан камсыздандыруу GOLDCARD ээсинин (камсыздандырылган тараптын) Күтүлбөгөн кырсыктын кесепетинен өлүм  же майыптуулук учурларына жайылат. Камсыздандыруу жашы 76дан ашпаган карта кармоочулар үчүн колдонулат.    

“Ыңгайсыздык үчүн жеңилдиктер / Саякаттын мөөнөтүн жылдыруу” боюнча камсыздандыруу жабуулары төмөнкүлөрдөн улам Саякатты жокко чыгаруу учуруна ишке ашырылат:

а. жумушчулардын иш таштоосу;

б. жагымсыз аба шарттары;

в. Карта кармоочусунун учагынын же деңиз кемесинин механикалык сынуусу же бузулуусу; же

г. Карта кармоочусунун саякатка чыгуучу аба кемесин механикалык же түзүмдүк кемтигинин кесепетинен убактылуу колдонуудан алып таштоо;

бул өз кезегинде Карта кармоочусунун учуу каттамынын болбоду дегенде 4 (төрт)  саатка тышкы же кайтуу  каттамдарына мөөнөтүн жылдырууга алып келет.

Эгер Карта кармоочусунун жүгү убактылуу жоголсо  же ташуу операторунун күнөөсүнөн тышкы рейстерге которулса, анда Карта кармоочусуна белгиленген франшизаны эске алуу менен аныкталган лимиттер чегинде ар бир кечигүү сааты үчүн чыгашалардын орду толтурулат.

Эгер Карта кармоочусу чет өлкөдө жүргөндө кайсы болбосун маанилүү документтерди унутуп калса, жоготсо же башка орунга которуп койсо (туруктуу же убактылуу), анда маанилүү документтерди алмаштыруу менен келтирилген чыгымдарды белгиленген лимиттер чегинде ордун толтуруп беришет.   

InternationalSOS макулдугу менен  Карта кармоочусуна жогоруда белгиленген лимиттерде Карта кармоочусунун чет өлкөдө жүргөндө дене жаракаттарын келтирген же оорунун себеби болгон  үчүнчү жакка карата   доо келтиргенден пайда болгон юридикалык чыгымдардын ордун толтуруу камсыз кылынат