Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 78.0000 78.4000
 EUR 87.0000 88.5000
 RUB 1.0670 1.0950
 KZT 0.1800 0.2000
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 77.2000 78.5000
 RUB /  KGS 1.0575 1.1135
 KZT /  KGS 0.1806 0.2013
 EUR /  KGS 86.5300 89.2500
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 77.2000 78.5000
 RUB /  KGS 1.0200 1.1500
 KZT /  KGS 0.1700 0.2100
 EUR /  KGS 86.5000 89.5000
Валюта 6 Июлда 7 Июлда
USD 77.1102 77.2200
EUR 86.6140 87.1891
RUB 1.0938 1.0824
KZT 0.1901 0.1903
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 500.00 -
2.00 9 000.00 -
5.00 20 000.00 -
10.00 40 000.00 -
31.1035 120 000.00 -
100.00 350 000.00 -
Алтындын курстары бетине өтүү

PLATINUM CARD

 

Камсыздандыруу тобокелдери 

Жоопкерчилик лимити 

Камсыздандыруу компаниясы тарабынан орду  толтурулуп берилбеген  Франшиза,
Чыгаша бөлүгү

 

Ыкчам медициналык эвакуация жана репатриацияга чыгымдар  /Өлүктү ташуу / Багуудагы балдардын кайтып келиши 
 
$100,000.00
$100.00
Медициналык чыгымдар 
$100,000.00
$100.00
Күтүлбөгөн кырсыктан камсыздандыруу 
$100,000.00
 
жок
Жүктү  жоготуу (Жүк жана акча )
(жылда 3 окуя жабылат)
$ 1 500.00
Алгачкы 48 саат
Жокко чыгаруу 
$ 1 500.00
жок
Ыңгайсыздык үчүн жеңилдиктер/ Саякат мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу
Камсыздандыруу жалгыз  гана 4 сааттан башталган убакыт аралыгына жайылат жана 12 саат күтүү менен чектелет 
$ 60.00
Алгачкы 4 саат жана 12 сааттан көп  
Жол жүктүн кармалышы
Камсыздандыруу жалгыз  гана 4 сааттан башталган убакыт аралыгына жайылат жана 12 саат күтүү менен чектелет
$ 60.00
Документтерди алмаштыруу 
$ 1 000.00
жок
Юридикалык чыгымдар 
$ 5 000.00
жок
Сатып алууларды коргоо 
$ 25 000.00 жылына жана  $1 000 бир буюм үчүн
$50.00

Медициналык эвакуация жана репатриация боюнча камсыздандыруу Карта кармоочусуна чет өлкөдө жүргөндө ооруп калганда же  жаракат алганда жардам көрсөтүүдө жана InternationalSOS  пикири боюнча мындай чаралар медициналык көрсөтмөлөр боюнча  зарыл болсо жүргүзүлөт. InternationalSOS Карта кармоочунун жакынкы ооруканага жеткирүүсүн уюштурат  же InternationalSOS Карта кармоочусунун туруктуу жашаган өлкөсүнө  репатриациясын уюштурат. 

Эвакуация/репатриация каражатын же ыкмасын тандоо InternationalSOS тарабынан аныкталат.  Эгер багууда болгон балдар Карта кармоочусунун чет өлкөдө жүргөндө жабыр тартуу же оорунун кесепетинен кароосуз калса, InternationalSOS мындай багууда болгон балдардын Карта кармоочусунун туруктуу жашаган өлкөсүнө ташылуусун уюштурат. 

Күтүлбөгөн кырсыктардан камсыздандыруу PLATINUM CARD ээсинин (камсыздандырылган тараптын) Күтүлбөгөн кырсыктын кесепетинен өлүм  же майыптуулук учурларына жайылат. Камсыздандыруу жашы 76дан ашпаган карта кармоочулар үчүн колдонулат.   

Эгер, Карта кармоочу чет өлкөдө жүргөндө жоготуу, урдатуу же жүккө жана акчага зыян келүүгө учураган болсо, анда Карта кармоочуга жогоруда көрсөтүлгөн лимиттер чегинде мындай чыгашалар менен  керектүү чыгымдардын орду толтурулат. Камсыздандыруу ордун толтуруусун алуу үчүн Карта кармоочуга ылайыктуу Полиция же Милиция органдарына арыз менен кайрылып, InternationalSOS операторлорунун бардык сунуштарын аткаруу зарыл. 

“Жокко чыгаруу “ боюнча камсыздандыруу жабуусу төмөнкүлөрдөн улам түздөн-түз Карта кармоочунун алгачкы саякат планынын кандайдыр-бир бөлүгүн жокко-чыгаруу, токтотуу же өзгөртүү  учурларында ишке ашырылат:

а. Карта кармоочунун дене жаракаттарын алышында же анын оорушунда;

б. Карта кармоочусунун туугандарынын, жакындарынын өлүмү, дене жаракаттары же ооруп калышы;

в. Милдеттүү карантин, сот арачы милдеттерин аткарууда, сотко чакырууда же Карта кармоочусу менен транспорттук каражатты уурдап айдап кетүүдө;

г. Иш таштоо, массалык башаламандык  же жарандык толкундоолордон, ташуучу транспорттук каражатынын механикалык бузулууларынан же жагымсыз аба шарттарынан улам чет өлкөгө баруунун жокко чыгаруу же токтотууда;

д. Карта кармоочусунун саякатын куралдуу күчтөр тарабынан жокко чыгарылышы.

Бул учурда Карта кармоочусуна алдын ала төлөнгөн саякаттын колдонулбаган бөлүгү үчүн чыгымдардын жана жогоруда көрсөтүлгөн лимиттерге ылайык Саякатка кошулган жашоо үчүн чыгымдардын орду толтурулат.

“Ыңгайсыздык үчүн жеңилдиктер / Саякаттын мөөнөтүн жылдыруу” боюнча камсыздандыруу жабуулары төмөнкүлөрдөн улам Саякатты жокко чыгаруу учуруна ишке ашырылат:

а. жумушчулардын иш таштоосу;

б. жагымсыз аба шарттары;

в. Карта кармоочусунун учагынын же деңиз кемесинин механикалык сынуусу же бузулуусу; же

г. Карта кармоочусунун саякатка чыгуучу аба кемесин механикалык же түзүмдүк кемтигинин кесепетинен убактылуу колдонуудан алып таштоо;

бул өз кезегинде Карта кармоочусунун учуу каттамынын болбоду дегенде 4 (төрт)  саатка тышкы же кайтуу  каттамдарына мөөнөтүн жылдырууга алып келет.

Эгер Карта кармоочусунун жүгү убактылуу жоголсо  же ташуу операторунун күнөөсүнөн тышкы рейстерге которулса, анда Карта кармоочусуна белгиленген франшизаны эске алуу менен аныкталган лимиттер чегинде ар бир кечигүү сааты үчүн чыгашалардын орду толтурулат.

Эгер Карта кармоочусу чет өлкөдө жүргөндө кайсы болбосун маанилүү документтерди унутуп калса, жоготсо же башка орунга которуп койсо (туруктуу же убактылуу), анда маанилүү документтерди алмаштыруу менен келтирилген чыгымдарды белгиленген лимиттер чегинде ордун толтуруп беришет.   

InternationalSOS макулдугу менен  Карта кармоочусуна жогоруда белгиленген лимиттерде Карта кармоочусунун чет өлкөдө жүргөндө дене жаракаттарын келтирген же оорунун себеби болгон  үчүнчү жакка карата   доо келтиргенден пайда болгон юридикалык чыгымдардын ордун толтуруу камсыз кылынат