Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.7000 69.8500
 EUR 76.7500 77.7500
 RUB 1.0440 1.0640
 KZT 0.1770 0.1830
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.9000
 RUB /  KGS 1.0411 1.0721
 KZT /  KGS 0.1786 0.1849
 EUR /  KGS 76.7500 77.9400
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.9000
 RUB /  KGS 1.0300 1.0900
 KZT /  KGS 0.1750 0.1900
 EUR /  KGS 76.5000 78.5000
Валюта 17 Августта 18 Августта
USD 69.7979 69.7979
EUR 77.3640 77.3640
RUB 1.0576 1.0576
KZT 0.1804 0.1804
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 837.64 -
2.00 8 585.28 -
5.00 20 123.24 -
10.00 39 410.42 -
31.1035 119 809.80 -
100.00 339 761.07 -
Алтындын курстары бетине өтүү

PIN-кодду сакта

Адатта  банкомат аркылуу накталай акча алуу боюнча транзакция коопсуз деп эсептелет, анткени алар төлөм картасы болгондо жана сөзсүз ПИН-кодду киргизүү менен гана жүргүзүлөт. Ошондой болсо да карточка амалкөйлөрү банкоматтар аркылуу алдамчылык транзакцияларды жүргүзүү үчүн ар түрдүү ыкмаларды ойлоп табышат.

Буга айрым карта кармоочулардын камырабастыгы да жардам берет, алар төлөм картасынын бетине  ПИН-кодду жазып коюп, алдамчыларга өздөрү да көмөкчү болушат. Мындай карта уурдалган/жоголгон учурда каалаган киши пайдалана берсе болот.

ПИН-коду менен бирге төлөм картасы карточканы кармоочунун эрки менен транзакция жүргүзүү үчүн үй-бүлө мүчөсүнө, досторго же чогуу иштешкендерге берилген учурлар жолугат. Бул ошондой эле банкомат аркылуу  акчаны алып кетүүгө жол ачышы  мүмкүн. Кээде алдамчылыктын кыйла амалкөй жолдору учурайт.

«Ливан сыйыртмагы» (Lebanese loops)  деген ат менен мындай ыкмалардын бири  белгилүү, мындайда алдамчылар ар түрдүү аспаптардын жардамы менен  банкомат төлөм картасын «кармап калгандай» кылышат.

Картанын ээсинде проблема пайда болгонун көрүп, ошол тегеректе жүргөн алдамчы өз жардамын сунуш кылат. Жакында эле өзү да мындай учурга туш болгондугун шылтоолоп, ал банкоматтан  картаны алып чыгуу үчүн картанын ээсине банкоматтын клавиатурасынан ПИН-кодун терүүнү  жана  «CANCEL» баскычын басууну сунуштайт. Картанын ээси алдамчынын кеңешине ишенип,   ПИН-кодду терип жатканда тигил анын кежигесине туруп көрүп алат да ариптердин иретин эстеп калат. Төлөм картасы чыкпагандыктан алдамчы анын ээсин  банкка кайрыл деген кеңеш берет (мындай амал көп учурда банктын бөлүмү  иштебеген учурда  жасалат). Төлөм картасынын ээси кетери менен тигил алдамчы картаны алып чыгат жана андагы бардык акчаны алып кетет.

Ушул айтылгандарга байланыштуу картаны кармоочулардын көңүлүн төлөм карталарын сактоодо жана пайдаланууда сактоо зарыл болгон коопсуздук чараларына бурабыз:

  • Картадагы ПИН-кодду жазып албоо керек

  • Картаны  жана ПИН-кодду башка бирөөгө бербөө керек

  • Транзакция жүргүзүүдө кимдир бирөөнүн жардамын пайдаланбоо керек

  • ПИН-кодду киргизип жаткан учурда банкоматтын клавиатурасын башка бирөөгө көрсөтпөө керек

ПИН-кодду алмаштыруу

Сиз көп саякаттайсызбы жана картадагы өз каражатыңыздын коопсуздугуна тынчсызданасызбы? Өз картаңыздын  PIN-кодун эстей албайсызбы? Өз картаңыздын PIN-кодун кайда жазып коюу ишенимдүү болорун ойлоносузбу? Бул көйгөйлөрдү унутуп коюңуз! PIN-кодду өзүңүз түзүңүз!

Эске тутуңуздар!
Төлөм картасы жоголгондо/уурдалганда, ошондой эле аны банкомат кармап калгандан,  Call Center Казкоммерцбанктын сутка бою иштеп жаткан кызматына («Кыргызкоммерцбанк» ААКтын процессингдик борборуна телефон чалып,  карточканы дароо бөгөп салуу керек тел. +7 (727) 258-52-57.