Акча которумдары
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD 69.8200 69.9000
 EUR 77.5000 78.5000
 RUB 1.0780 1.0920
 KZT 0.1770 0.1870
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.7500 69.9000
 RUB /  KGS 1.0714 1.1008
 KZT /  KGS 0.1807 0.1889
 EUR /  KGS 77.4200 78.5700
Валюта Сатып алуу Сатуу
 USD /  KGS 69.6500 69.9500
 RUB /  KGS 1.0500 1.1000
 KZT /  KGS 0.1750 0.1900
 EUR /  KGS 77.3000 78.8000
Валюта 22 Мая 23 Мая
USD 69.8500 69.8500
EUR 77.8618 77.9491
RUB 1.0823 1.0844
KZT 0.1845 0.1843
Валюталардын курстары бетине өтүү
Граммдар сатып алуу сатуу
1.00 4 332.46 -
2.00 7 567.23 -
5.00 17 552.19 -
10.00 34 261.91 -
31.1035 103 802.66 -
100.00 287 975.97 -
Алтындын курстары бетине өтүү

Соода жана тейлөө ишканаларына

«Кыргызкоммерцбанк» ААКы  бир POS-терминалды пайдаланып, Visa, MasterСard, American Express, «Элкарт» жана UnionPay эл аралык төлөм тутумунун карталарын тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Төлөм карталарын кармоочуларды тейлөө эмне үчүн пайдалуу?

  • Сиз картанын жардамы менен акы төлөө  – ыңгайлуу жана беделдүү болгон бай кардарларды кошумча  тарта аласыз. Алардын ичинде  «Кыргызкоммерцбанк» ААКынын кардарлары гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана бүткүл дүйнөнүн башка банктарынын  Visa, MasterCard, American Express, «Элкарт» карталарын кармоочулар да бар.

  • Сиз  товарларды жана кызматтарды өткөрүүнүн көлөмүн көбөйтө аласыз, анткени изилдөө көрсөткөндөй, карта менен төлөгөндө кардар эреже катары накталай төлөгөнгө караганда көбүрөөк жоготот.

  • Сиз кардарлар тарабынан алдамчылык  жасоону (мисалы, жасалма банкноттор менен төлөөгө аракеттенүү) же персоналдын кокусунан жаңылыштыгы менен байланышкан өз тобокелчиликтериңизди төмөндөтө аласыз. Булардын бардыгына кошумча түрдө сиздин компанияңызда накталай акчаны ташып жүрүүгө жана сактоого жете турган чыгымдар кыйла кыскарат, бир эле учурда соода түйүндөрүнүн коопсуздугу жогорулайт.

Сиз жаңы кардарларды кантип тарта аласыз?

  • Жаңы сатып алуучулар сиздин ишкана төлөм тутумдарынын жана Банктын  логотиптеринин аркасында төлөм карталарын кармаган кардарларды тейлей тургандыгы туурасында биле алышат.

  • Сиздин компания жөнүндө маалымат Банктын кардарлары үчүн «Төлөм карталарын тейлөө түйүндөрү» буклетине кирет.

  • Сиздин  компания жөнүндө маалымат «Кыргызкоммерцбанк» ААКынын сайтына жарыяланат.

  • Сиздин компаниянын аталышы төлөм карталарын кармоочуларды тейлеген ишканалардын эл аралык тармагына  автоматтык түрдө кирет.

  • Сиздин ишкана Банктын төлөм карталарынын жардамы менен сатуу көлөмдөрүн көбөйтүүгө багытталган жарнама компанияларына катышуу мүмкүнчүлүгүн алат.

Сиздин ишкана үчүн:

  • Алыш-бериш эсебин ачуу акысыз жүргүзүлөт

Компаниянын жетекчиси үчүн:

  • Visa Black For Man (эркектер үчүн  Visa кара картасы) / Visa Rose For Lady (айымдар үчүн Visa кызгылтым картасы) 45 күнгө чейинки жеңилдик мезгили менен төлөм насыя картасы берилет.

  • 60 күнгө чейинки жеңилдик мезгили менен Visa Rewards PayWave төлөм насыя картасы берилет.

Мындан  тышкары, «Кыргызкоммерцбанк» ААК кыска мөөнөттө төмөнкүдөй толук жана ыкчам көмөк көрсөтөт:

  • Төлөм карталарын кабыл алуу үчүн жабдууларды орнотууда жана жөндөөдө

  • Сиздин кызматкерлер үчүн окутуучу семинарларды жүргүзүүдө, жарнама жана коштомо чыгымдалуучу материалдарды жайгаштырууда

  • Техникалык колдоо жана тейлөө менен камсыз кылууда

«Кыргызкоммерцбанк» ААКынын эквайринг тармагына катышуу үчүн эмнелер зарыл?

  • Өз продукциясын сатуу рыногун кеңейтүүнү каалоо.

  • Телефон байланышы.

  • Банкта эсептин болушу артык.

Зарыл жабдуулар

Сиздин ишканада пластик карталарын төлөмгө кабыл алуу үчүн зарыл болгон негизги жабдуу – бул POS-терминал.

Эквайринг тармагына  катышуу канча турат?

Банк төлөм картасы менен товарга/кызматка акы төлөгөн сатып алуучу менен ар бир соода бүтүмүнөн комиссия кармайт, бирок сиз канча кардарды кошумча тарта тургандыгыңызды жана өз ишканаңызды жарнамалоодон канчалык үнөмдөй тургандыгыңызды эсептеп чыгып, бул сунуш пайдалуу экендигине ынынасыз.

Тарифтер

Төлөө жана ордун толуктоо схемасы

Интернет-эквайринг

«Кыргызкоммерцбанк» ААКы интернетте сиздин бизнести  өнүктүрүү үчүн жаңы чечим  –  интернет аркылуу берүү маалыматтары корголгон төлөм карталарын  төлөөгө кабыл алууну  (SSL протоколу боюнча, ачкычтын узундугу  128 бит) сунуштайт.

«Кыргызкоммерцбанк» ААКынын эквайринг тармагына катышууга өтүнүчтү кандайча билдирүү керек?

  • Сиз  өтүнүчтү толтурсаңыз болот

  • Банктын call-борборуна  + 996 (312) 333 000 (кош. 1) телефону боюнча чалып жана компания жөнүндө оператор сураган маалыматты калтыра аласыз.

  • Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылсаңыз болот. Эки күндүн ичинде бул маселени алда канча кенен-кесири талкуулоо үчүн банктын менеджерлери сиз менен байланышат.