Валюта | Сатып алуу | Сатуу |
---|---|---|
![]() |
84.8000 | 84.9000 |
![]() |
101.0000 | 102.5000 |
![]() |
1.1130 | 1.1330 |
![]() |
0.1950 | 0.2100 |
Валюта | Сатып алуу | Сатуу |
---|---|---|
![]() ![]() |
84.8000 | 84.9000 |
![]() ![]() |
1.1083 | 1.1549 |
![]() ![]() |
0.1866 | 0.2097 |
![]() ![]() |
100.8300 | 103.9300 |
Валюта | Сатып алуу | Сатуу |
---|---|---|
![]() ![]() |
84.8000 | 84.9900 |
![]() ![]() |
1.0600 | 1.1600 |
![]() ![]() |
0.1700 | 0.2200 |
![]() ![]() |
99.0000 | 104.0000 |
Валюта | 16 Апрелде | 17 Апрелде |
---|---|---|
USD | 84.7800 | 84.8000 |
EUR | 101.5707 | 101.5734 |
RUB | 1.1013 | 1.1224 |
KZT | 0.1973 | 0.1969 |
Граммдар | сатып алуу | сатуу |
---|---|---|
1.00 | 5 000.00 | - |
2.00 | 10 000.00 | - |
5.00 | 21 000.00 | - |
10.00 | 42 000.00 | - |
31.1035 | 130 000.00 | - |
100.00 | 420 000.00 | - |
SMS-банкинг – сиздин карта боюнча операцияны кошумча контролдоо үчүн кызмат.
«Кыргызкоммерцбанк» ААК төлөм карталарын кармоочуларга SMS-банкинг – мобилдик телефондун жардамы менен акчаны башкарууга кошумча мүмкүнчүлүк берет.
SMS-банкинг – маалымат алгысы жана алынган жана жумшалган каражаттарын так билгиси келгендер үчүн жөнөкөй кызмат.
Эми сиз, «Кыргызкоммерцбанк» ААКынын төлөм картасын кармоочу болуу менен каалаган учурда, турган жериңизге карабастан өзүңүздүн мобилдик телефон менен оперативдүү түрдө:
Канткенде SMS-банкингдин пайдалануучусу боло аласыз?
SMS-банкинг кызмат көрсөтүүнүн эки түрүн камтыйт:
1. «Активдүү кызмат көрсөтүү»: сиз SMS-билдирүү түрүндө өтүнүч жөнөтүп, карта боюнча чыгымдалган операцияларды жана анын толтурулушун өз алдыңызча контролдойсуз. «Активдүү тейлөө» кызматынын жардамы менен сиз:
“Активдүү тейлөө» кызматын кандайча пайдаланса болот?
2. SMS-кабарлоо + «Активдүү тейлөө»: сиз өзүңүздүн мобилдик телефонго SMS-кабарлоо аркылуу карта эсебиңиз боюнча жүргүзүлгөн бардык операциялар жөнүндө автоматтык түрдө маалымат аласыз. Мындан тышкары, сиз дайыма «Активдүү тейлөө» кызматынан пайдалансаңыз болот. Кызмат көрсөтүүнүн мындай түрүнө каттатуу учурунда сиз төмөнкүлөрдү белгилешиңиз керек:
SMS-банкинг кызматы жөндөлгөн мобилдик телефондун номерин өзгөртүү үчүн же карта операцияларынын баштапкы суммасын өзгөртүү үчүн «Кыргызкоммерцбанк» ААКынын каалаган банкоматын пайдалансаңыз болот. Бул үчүн:
1. Картаны банкоматка (SMS-банкинг кызматына жазылган өзүңүздүн каалаган банк картаңызды) киргизиңиз, тилин тандап, PIN-кодун териңиз.
2. «SMS-банкинг» операциясын жана «Жазылуу» опциясын тандаңыз.
3. «Телефондун номерин жана /же баштапкы сумманы өзгөртүү» опциясын тандаңыз, жаңы баштапкы сумманы же мобилдик телефондун жаңы номерин киргизиңиз жана операциянын аякташын күтүп туруңуз.
SMS-кабарлоо + «Активдүү тейлөө» кызматын убактылуу бөгөө (мобилдик телефон жоголгон/уурдалган/башка бирөөгө пайдаланууга берилген учурда) үчүн сиз «Кыргызкоммерцбанк» ААКынын каалаган банкоматын пайдалансаңыз болот. Бул үчүн:
1. Картаны банкоматка (SMS-банкинг кызматына жазылган өзүңүздүн каалаган банк картаңызды) киргизиңиз, тилин тандап, PIN-кодун териңиз.
2. «SMS-банкинг» операциясын тандаңыз.
3. «Бөгөө / SMSи ажыратуу» операциясын тандаңыз жана операциянын аякташын күтүңүз.
SMS-кабарлоо + «Активдүү тейлөө» кызматын ажыратууну сиз SMS-банкинг кызматына жазылуу колдонулган бардык учурда жүргүзө аласыз.
SMS-банкинг кызматына жазылуудан баш тартуу үчүн «Кыргызкоммерцбанк» ААКынын каалаган банкоматын пайдаланып жана төмөнкү аракеттерди жазасаңыз болот:
1. Картаны банкоматка (SMS-банкинг кызматына жазылган өзүңүздүн каалаган банк картаңызды) киргизиңиз, тилин тандап, PIN-кодун териңиз.
2. «SMS-банкинг» операциясын жана «Жазылуудан баш тартуу» опциясын тандаңыз.
3. Баш тарткыңыз келген жазылуунун түрүн (сиздин карталарыңыздын бири боюнча же бардык карталар боюнча) көрсөтүңүз жана операциянын аякташын күтүңүз.
SMS-банкинг кызматына төлөө SMS-банкинг кызматын пайдалануу датасына колдонулган Банк тарифтерине ылайык жүргүзүлөт жана азыркы учурда айына 60 сомду түзөт.
Мобилдик байланыш операторлорунун кызматына акы төлөө төлөм карталарын кармоочулардын жана тийиштүү байланыш операторунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.